Өлкөдө ажылык сапар 11-майда башталат

Муфтият билдиргендей, Сауд Арабиясынын аймагына киргенде тартипти сактоо маанилүү. Бул бардык формалдуулуктардан тез өтүүгө жана убакытты үнөмдөөгө жардам берет. Маалыматка ылайык, Nusuk картасы жок Мекке шаарына жана ыйык жайларга кирүү мүмкүн эмес. Бул карта негизги кызматтардан пайдаланууга да мүмкүнчүлүк берет. Аны сапарды уюштуруучулардан алууга болот. Санарип версиясы Nusuk жана Tawakkalna тиркемелеринде жеткиликтүү. Ажылыктын негизги иш-чаралары…

Кененирээк

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Астана шаарына барды

Президент Садыр 21-апрелде иш сапары менен Казакстан Республикасына барды. Мамлекет башчысынын учагы Астана шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду Казакстан Республикасынын премьер-министри Олжас Бектенов тосуп алды. Аэропорттун флагштокторуна Регионалдык экологиялык саммитке (РЭС) катышуучу өлкөлөрдүн мамлекеттик туулары илинген, килем төшөлүп, ардак кароол тизилген. Иш сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров РЭС пленардык сессиясында сөз сүйлөйт,…

Кененирээк

Орусиянын «көзөмөл реестрине» кирген кыргыз жарандарынын саны 93 миңден ашты

Кыргызстандын 93 миң 693 жараны Орусиянын көзөмөл реестрине киргизилген. Бул 2026-жылдын 12-мартындагы маалымат экенин Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин консулдук бөлүмүнүн башчысы Бакыт Асаналиев билдирди. Анын айтымында, реестрге кирген жарандардын саны улам өзгөрүп, система жаңыланып турат. Башкы консул Орусиянын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарын миграциялык мыйзамдар менен жакшылап таанышууга чакырды. Анын белгилешинче, ушул тапта бул өлкөдө 472 миңден…

Кененирээк

Садыр Жапаров чет элдик элчилерден ишеним грамоталарын алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-апрелде, үчүнчү өлкөлөрдөгү резиденциясы менен аккредитацияланган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилерден ишеним грамоталарын кабыл алды. Ишеним грамоталарын Доминикан Республикасынын элчиси Алехандро Ариас Сарсуэла, Албания Республикасынын элчиси Блерта Кадзадеж, Индонезия Республикасынын элчиси Сити Рухайни Жухятин, Сомали Федеративдик Республикасынын Элчиси Фатхудин Али Мохамед жана Палестина Мамлекетинин элчиси доктор Уайл Ахмед Батрехи…

Кененирээк

Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешине шайлоодо Сириянын колдоосуна ээ болду

Сириянын президенти Ахмед Хусейн аш-Шаара Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин колдоого даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Азамат Кадыралиев менен болгон жолугушууда, Анталия дипломатиялык форумунун алкагында айтылды. Кыргыз тарап июнь айынын башында өтө турган шайлоодо колдоо көрсөтүүнү өтүнүп, араб өлкөлөрүнүн добушу маанилүү экенин белгиледи. Жолугушууда ошондой эле эки тараптуу кызматташтык, аймактык жана эл…

Кененирээк

АКШ Оман булуңунан Ирандын кемеси кармалганын билдирди

Президент Трамптын айтымында, жүк ташыган Touska кемеси АКШнын блокадасынан өтүүгө аракет кылган. Экипаж токтобогондон кийин америкалык аскердик кеме анын машиналык бөлүгүн бузган. Иран бул окуяны мыйзамсыз аракет деп атап, жакында жооп берерин айтты.

Кененирээк

Белгилүү казак акыны Мухтар Шаханов 84 жашында көз жумду

Акын, жазуучу жана коомдук ишмер кыргыз-казак элинин достугун даңазалап келген. Ал 1993-2003-жылдары Кыргызстанда элчи болуп да эмгектенген. Шаханов менен Чыңгыз Айтматовдун ортосунда өзгөчө байланыш болгону айтылып келет.

Кененирээк

ЖК төрагасы Марлен Маматалиев Германиядагы мекендештер менен жолугушту

Төрага Марлен Маматалиев расмий сапарынын максаты тууралуу учкай кеп кылып: “Эки тараптуу алакаларды арттырууга багытталган маанилүү жолугушууларды өткөрдүк. Баарлашууда Германиядагы мекендештердин жашоо шартын жакшыртуу жана аларды керектүү кесиптерге окутуу менен ишке орноштуруу, ошондой эле визалык жол-жоболорду жеңилдетүү маселелерин көтөрүп, аталган багытта алгылыктуу иштерди жүргүзүү боюнча макулдаштык»,-деди.

Кененирээк

Министр Кулубаев Москвада Борбор Азия жана РФ ТИМ башчыларынын жыйынына катышты

Иш-чаранын жүрүшүндө ТИМ жетекчиси экономика, соода, энергетика, транспорт, экология жана аймактык коопсуздукту чыңдоо багыттарында өнөктөштүктүн стратегиялык маанисин белгилеген. Министр кооптуулуктарга каршы биргелешкен аракет менен каршы турууга чакырып, өз ара соода менен жүк ташууга тоскоолдук жараткан чектөөлөрдү жоюунун зарылчылыгына көңүл бурду. Жыйын соңу менен ТИМ башчылары тараптардын кызыкчылыгын туудурган маселелер боюнча пикир алмашууну улантууну макулдашышкан.

Кененирээк

АКШ 17-апрелге чейин танкерлерге жүктөлгөн россиялык мунай операцияларын жүргүзүүгө уруксат берди

Ал 16-майга чейин күчүндө болорун Американын Каржы министрлиги билдирди. «Көптөгөн өлкөлөр, анын ичинде АКШ дагы дүйнөлүк экономиканын туруктуулугу үчүн россиялык мунай менен газдын маанилүү ролун барган сайын тереңирээк түшүнө баштады. Деген менен бул ЕБ менен Британиянын кыжырын келтире турган жагдай», — деди РФ президентинин чет өлкөлөр менен инвестициялык-экономикалык кызматташуу боюнча атайын өкүлү Кирилл Дмитриев.

Кененирээк