Нурланбек Тургунбек уулу депутаттык мандатын тапшырарын билдирди

Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Нурланбек Тургунбек уулу 19-февралда депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшыруу чечимин кабыл алганын билдирди. Бул тууралуу ал Facebookтагы баракчасына жазды. Кайрылуусунда Тургунбек уулу акыркы убакта анын атына байланыштуу жалган маалыматтар тараганын айтып, ошондой эле 75 адамдын кайрылуусуна байланышкан саясий интригаларга жана демилгелерге тиешеси жок экенин белгиледи. Ал саясаттан алысыраак болуп, ден соолугуна…

Кененирээк

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Европа Парламентинин делегациясы менен жолугушуу өткөрдү

Тараптар эки тараптуу кызматташтык, парламенттер аралык диалог жана регионалдык күн тартибинин маселелерин талкуулашты. Министр европалык кесиптештерине өлкөдө жүргүзүлүп жаткан саясий жана экономикалык реформалар тууралуу маалымат берип, алардын республиканы туруктуу өнүктүрүүдөгү маанисин баса белгиледи. Бул контекстте ал “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу жана “Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан” темир жол долбоору сыяктуу ири инвестициялык демилгелер менен тааныштырды. Ошондой…

Кененирээк

Жанар Акаев Оштун мэри катары ишке киришти

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Ош шаарынын мэриясынын борбордук аппаратына жаңы мэр Жанар Акаевди тааныштырды. Минкаб төрагасы Ош шаарынын мэри Жанар Акаевге жооптуу кызматта ийгиликтерди каалады.

Кененирээк

Ош шаарына Жанарбек Акаев мэр болуп дайындалды

Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.18-февралдын кечинде Жеңишбек Токторбаев өз арызынын негизинде Ош шаарынын мэри кызматынан алынды. Жанарбек Акаев учурда Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаты. Ал «Азаттыкта» бир канча жыл журналист болуп иштеген. Ошондой эле 2015-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат катчысы болгон. Жогорку Кеңештин үч чакырылышында депутат болгон.

Кененирээк

Токторбаев кызматынан алынды

18-февралда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кызматтан кетүүгө арыз жазганы белгилүү болду. Бул тууралуу президенттик администрациядагы булактар ырастады. Токторбаев бүгүн “Азаттыкка” кыска маек берип, кызматын улантуу ниети бар экенин, бирок муктаждык жаралса арыз жазууга даярдыгын билдирген.

Кененирээк

Садыр Жапаров Европарламенттин депутаттарын кабыл алды

Жолугушууга Борбор Азия өлкөлөрү менен байланыш боюнча делегациянын төрайымы Жузеппина Принчи баштаган жети депутат катышты. Анда Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо жана адам укуктары, сөз эркиндиги талкууланды. Садыр Жапаров ЕБ менен кызматташуу Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири экенин билдирди. Ал эми Жузеппина Принчи эки тараптуу алака ырааттуу өнүгүп жатканын белгилеп, билим берүү тармагындагы…

Кененирээк

БШК төрт адамга депутаттык мандат тапшырды

Борбордук шайлоо комиссиясы №13 округдан эң көп добуш алган талапкерлерди депутат катары каттады. Айбек Алтынбековго, Талант Мамытовго жана Айгүл Карабековага Жогорку Кеңештин депутаты деген күбөлүк жана төш белги ыйгаруу туралуу чечим кабыл алынды. Буга чейин БШК март айында өтө турган шайлоону жокко чыгарып, былтыр 30-ноябрда өткөн добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныган. БШК ошондой эле Элдар Сулайманов…

Кененирээк

Ош шаарынын мэри кызматын уланта берерин айтты

Бул тууралууу Жеңишбек Токторбаев калаа бийлигинин коллегиялык жыйынынан кийин кесиптештерине кайрылып жатып айтты. Шаар башчысы интернетке тараган маалыматтарды фейк деп атап, анын кызматтан кетишине каршы болгондорго ыраазычылык билдирди. Буга чейин бир нече басылмалар Женишбек Токторбаев кызматын тапшыра турганын жазып чыккан. Мэриянын басма сөз кызматы бул маалыматты төгүндөгөн.

Кененирээк

Президенттин мөөнөтү алты жыл бойдон калат, мөөнөтүнөн мурда шайлоого негиз жок

Конституциялык сот президенттин кайрылуусун карап, мамлекет башчынын ыйгарым укугунун мөөнөтү жана президенттик шайлоону өткөрүүнүн жол-жобосун түшүндүрдү. 2021-жылы шайланган президенттин мөөнөтү 2010-жылкы Конституциянын негизинде алты жыл болуп эсептелет жана ал кыскарбайт 2021-жылдагы жаңы Конституциядагы беш жылдык мөөнөт мурда башталган президенттик мандатка карата иштебейт. Президент жаңы Баш мыйзамдын талаптарына ылайык ишин улантат. Биринчи мөөнөттөгү алты жыл “эки…

Кененирээк

7млн сомдук шайлоо күрөөсү ээлерине берилет

Март айында өтөт деп жарыяланган 13-округдагы шайлоого талапкер болгондордун күрөө акчасы кайтарылат. БШКдан маалымдагандай, 25 талапкердин күрөө акчасы жалпы 7 млн сомду түзгөн. Буга чейин талапкерлердин бири Бишкек шаардык административдик сотуна БШКнын кайра шайлоо өткөрбөө чечимине каршы доо арыз менен кайрылган. Бирок, сот чечимди күчүндө калтырды

Кененирээк