Тик учак кырсыгынан каза болгон аскердин сөөгү жерге берилди

Бишкектеги Достук кичирайонуна жакын “Фрунзе-1” авиабазасында тик учак кырсыгынан каза болгон экипаждын командири, 30 жаштагы капитан Жайыл Самудиновдун сөөгү жерге берилди. Учкуч менен коштошуу зыйнаты бүгүн Ак-Өргө конушунда өтүп, ага Коргоо министрлигинин өкүлдөрү, кесиптештери, туугандары жана достору катышты. Жайыл Самудинов 1994-жылы Бишкекте туулган. Үй-бүлөдө үч бир туугандын улуусу болгон. Жакындарынын айтымына караганда, ал быйыл жазында…

Кененирээк

Министрлик жол белгилерин өзү чыгарат… Негизги жолдордогу белгилер жаңыланууда

Бишкек–Балыкчы–Нарын–Торугарт унаа жолундагы жол белгилери жаңыланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. «Жол белгилерин №32 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери оңдоп-түзөөдөн өткөрүүдө.«№2 Жол тейлөө мекемеси Ош–Баткен–Раззаков, Баткен–Кара-Бак–Чоң-Талаа, Бужум–Баткен–Кызыл-Жол унаа жолдорундагы эски белгилерди алмаштыруу менен алек», — деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, жол белгилерин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өзү чыгарат. “Өндүрүштүк-инновациялык борбор” мамлекеттик мекемесинен…

Кененирээк

Таштанды ылгоочу аянтчалардын саны көбөйөт

Ош шаарында таштанды ылгоочу аянтчалардын саны көбөйөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы аталган мекеме жыл жыйынтыгын чыгаруу учурунда билдиргендигин кабарлады. Маалыматка ылайык, буга чейин Ош шаарында 4 таштанды ылгоочу жай ачылып, ишке берилген.Жыйында ишкананын жетекчиси 2023-жылы аткарылган жумуштардын жыйынтыктары боюнча маалымат берди. Мында таштандыларды жыйноо маданиятын жогорулатуу, керектөөчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү максатында быйылкы…

Кененирээк

ОшМУнун “Ак-Буура” кампусунда унаа токтоочу жай ачылды

Ош шаарындагы жол тыгындарын жоюу, жол коопсуздугунун алдын-алуу максатында ОшМУнун «Ак-Буура» кампусунда унаа токтоочу жай ачылды. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматы маалымдады. “Унаа токтотуучу жай жол тыгындарын азайтып, айдоочулардын коопсуздугун камсыздайт. Буга чейин каралбай турган аянт толугу менен реконструкциядан өтүп, атайын веложол үчүн асфальт басылган. Жол тамандар төшөлүп, аянттын бир капталы толук…

Кененирээк

Калкты тейлөө борборлору түшкү тыныгуусуз иштейт

Бүгүн, 18-январдан тартып бүткүл Кыргызстан боюнча бардык Калкты тейлөө борборлору түшкү тыныгуусуз иштеп баштайт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги маалымдады. Бул маанилүү кадам иш графиги саат 9:00дө башталган жарандардын эртең мененки сааттардагы муктаждыктарын канааттандырууга багытталган. Буга чейин эки ири Калкты тейлөө борборлорунда саат 08:00дон 20:00гө чейинки аралыкта жаңы иш графиги киргизилген. Бирок, пилоттук мезгилдин натыйжасында,…

Кененирээк

Коомдук транспорттордо кыргыз тилинде анимациялык мултьфильмдер көрсөтүлөт

Эми Бишкекте автобус жана троллейбустарда орнотулган мониторлордо кыргыз тилинде даярдалган анимациялык мультфильмдер көрсөтүлө баштайт. Бул тууралуу Бишкек троллейбус башкармалыгынан маалымдашты. Аталган маселе Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинде өткөн жолугушууда талкууланды. Жолугушууга президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Максатбек Сазыкулов, Бишкек шаарынын мэриясынын…

Кененирээк

Тик учак кырсыгынан каза болгон аскердин жакындарына ар тараптуу жардам көрсөтүлөт

Бишкектеги тик учак кырсыгынан каза болгон аскер кызматкеринин туугандарына жана жакындарына ар тараптуу жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Мекемеден билдиришкендей, учурда ооруканада жабыркап жаткан аскерлер керектүү дары-дармектер менен камсыздалууда. Эске сала кетсек, 17-январда КР Куралдуу Күчтөрүнөн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 23 565 аскер бөлүгүнүн аймагында окуу-машыгуу учурунда Ми-8МТВ тик…

Кененирээк

Денеде ыйлаакчалар пайда болуп, көгөрөт…ӨКМ сууктан сактануу эрежелерин тизмектеди

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарга сууктан сактануу эрежелеринин топтомун сунуштады. Сууктун күндөрү эң алгач, кан айланууну камсыздоочу кан-тамырларды коргоо үчүн башты жана моюнду жылуу кармоо зарыл. Ызгаарга туруштук берүү үчүн сыртка чыгаарда жакшылап тамактаныңыз. Анткени ачкалык адамдын организминин суукка каршы күрөшүүсүнө тоскоолдук жаратат. Алкоголдук ичимдиктер адамдын суукту сезүү мүмкүнчүлүгүн төмөндөтөт. Ал эми тамеки тартуу кан-тамырлардын ичкерүүсүнө…

Кененирээк

Материалдык чыгым 68 млн. Каржы пирамидасына байланыштуу 40 адам жоопко тартылды

Каржы пирамидасына байланыштуу 40 адам жоопко тартылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты. Мекеменин билдирүүсүнө караганда, 2023-жылы Кыргызстанда каржы пирамидасына байланыштуу 358 иш тергелди. Анын ичинен 217 кылмыш ишинин тергөөсү аяктап, соттук кароого жиберилген. Учурда 98 кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып келет.Кылмыш иштери боюнча жабырлануучулардын жалпы саны 350 адамдан ашып, келтирилген…

Кененирээк

Ысык-Көл облусуна күндөн энергия алуучу станция курулат

Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылындагы күндөн энергия алуучу станциянын курулушу ушул жылдын март айында башталат. Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдиргендей, анын кубаттуулугу 300 МВттан кем эмес болот. Маалыматка ылайык, учурда инженердик-геодезиялык изилдөө бүткөрүлдү, толугу менен архитектура, шаар куруу корутундусу алынды.Долбоорго салына турган инвестициянын суммасы 250-300 млн доллардын тегерегинде болот. Кабарчы — Алтынай Гапарова

Кененирээк