Эң көбү Жалал-Абад облусунда. 3 жылдын ичинде 189 мектеп курулду

Акыркы үч жылдын ичинде Кыргызстанда жалпы 189 мектеп курулуп, 43 мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, билим уялары республикалык бюджеттен жана ар кандай фонд, уюм, булактардын эсебинен каржыланган. Мындан сырткары, 4 мектепке кошумча имарат салынып, 9 мектепке кошумча спорт залдар курулду. Министрликтен 2023-жылы эң көп мектеп пайдаланууга…

Кененирээк

Зордуктоо боюнча кармалгандарга жаза күчөтүлдү

Зордуктоо боюнча кармалгандарга, оор кылмыш жасагандарга жаза күчөтүлдү. Мыйзамга Президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу Президенттин маалымат кызматы билдирди. Кабыл алынган мыйзам менен төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилүүдө: Оор кылмыштар боюнча анын ичинде зордуктоо иштерин тергөөнү тараптардын жарашуусуна байланыштуу токтотпоо боюнча жоболор камтылган. Тактап айтканда эми тараптардын жарашуусуна байланыштуу жазык ишин милдеттүү түрдө токтотууну караган ченемдер…

Кененирээк

“Жоокерден Салам” берүүсү алкоого арзыды

“Ош Пирим” телерадиокомпаниясынын “Жоокерден Салам” автордук берүүсүнүн чыгармачыл тобу КРнын УКМК Чек ара кызматы тарабынан алкоого арзыды. Анда “Жоокерден Салам” телекөрсөтүүсү Чек ара кызматынын күжүрмөн-кызматтык ишмердигин кеңири чагылдырып, өлкөбүздүн коомчулугунда чек ара ведомствосунун позитивдүү имиджин калыптандырууга жигердүү салым кошуп жаткандыгын белгилешти. Эске сала кетсек “Жоокерден Салам” автордук берүүсүн ар жуманын ишемби кундөрү саат 21:00 дө…

Кененирээк

Каармандын бирөө асмандан түшөт… Жакында кыргызча мультфильм чыгат

Кыргызстанда жакында балдарга арналган «Амантай жана Айтуяк» аталыштагы кыргызча мультфильм чыгат. Бул тууралуу Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» Улуттук киностудиясынан маалымдашты. Мультфильмде Амантай менен асмандан түшкөн Айтуяк экөөнүн кызыктуу окуялары баяндалат. Тасма 7 сериядан турат.режиссеру — Айбек Дайырбеков;сценарийдин автору — Токтобек Үсөнов;башкы сүрөтчү — Кебек уулу Нурлан;супервайзер — Канат Ногойбаев.Учурда анимациялык тасманын тартуу иштери уланууда. Жаратуучулардын…

Кененирээк

Жер титирөө таңга чейин 6 жолу байкалган

Кыргыз-кытай чек арасында 23-январга караган түнү жана эртең менен 6 жолу жер титиреди. КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жердин биринчи силкиниши саат 00:09да катталып, күчү 8 баллга жетти.Андан соң саат 00:42, 01:36да – 6 балл, 02:57де – 5 балл жана эртең менен саат 05:19да – 6 балл жана 07:18де – 5,5 баллга…

Кененирээк

Сейсмология институту жер титирөөнүн очогун атады

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, такталган маалымат боюнча, 23-январь күнү саат 00:09да Кытай Эл Республикасынын аймагында күчү 8 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Каджы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын облусунун Нарын шаарында 4 балл, Бишкек шаарында 3 баллга.(Каракол…

Кененирээк

Шектенип, кооптонуулар көп болот… Депрессиядан чыгуунун 6 эрежеси

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, жыл сайын 300 миллион адам клиникалык депрессиядан жабыркайт. Бул тууралуу Орусиянын «Медскан» ден соолукту чыңдоо борборунун маалымат сайты жазып чыкты. Кайсы өлкөгө жана маданиятка карабастан, бул оору дүйнө элдерине бирдей тараган. Ар бир адам жашоосунда жок дегенде бир жолу болсо да депрессияга туш болот. Депрессия — бул адамдын…

Кененирээк

Тик учак кырсыгынан каза болгон аскердин сөөгү жерге берилди

Бишкектеги Достук кичирайонуна жакын “Фрунзе-1” авиабазасында тик учак кырсыгынан каза болгон экипаждын командири, 30 жаштагы капитан Жайыл Самудиновдун сөөгү жерге берилди. Учкуч менен коштошуу зыйнаты бүгүн Ак-Өргө конушунда өтүп, ага Коргоо министрлигинин өкүлдөрү, кесиптештери, туугандары жана достору катышты. Жайыл Самудинов 1994-жылы Бишкекте туулган. Үй-бүлөдө үч бир туугандын улуусу болгон. Жакындарынын айтымына караганда, ал быйыл жазында…

Кененирээк

Министрлик жол белгилерин өзү чыгарат… Негизги жолдордогу белгилер жаңыланууда

Бишкек–Балыкчы–Нарын–Торугарт унаа жолундагы жол белгилери жаңыланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. «Жол белгилерин №32 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери оңдоп-түзөөдөн өткөрүүдө.«№2 Жол тейлөө мекемеси Ош–Баткен–Раззаков, Баткен–Кара-Бак–Чоң-Талаа, Бужум–Баткен–Кызыл-Жол унаа жолдорундагы эски белгилерди алмаштыруу менен алек», — деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, жол белгилерин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өзү чыгарат. “Өндүрүштүк-инновациялык борбор” мамлекеттик мекемесинен…

Кененирээк

Таштанды ылгоочу аянтчалардын саны көбөйөт

Ош шаарында таштанды ылгоочу аянтчалардын саны көбөйөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы аталган мекеме жыл жыйынтыгын чыгаруу учурунда билдиргендигин кабарлады. Маалыматка ылайык, буга чейин Ош шаарында 4 таштанды ылгоочу жай ачылып, ишке берилген.Жыйында ишкананын жетекчиси 2023-жылы аткарылган жумуштардын жыйынтыктары боюнча маалымат берди. Мында таштандыларды жыйноо маданиятын жогорулатуу, керектөөчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү максатында быйылкы…

Кененирээк