Улан Примов РФнын Мамлекеттик Думасынын КМШ маселелери боюнча комитетинин төрагасы менен жолугушту

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов РФнын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын КМШ иштери, евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Леонид Калашников менен жолугушту. Белгилей кетсек, жолугушуу Москвада өткөн ЖККУга мүчө мамлекеттердин парламенттик комитеттеринин төрагаларынын III жыйынынын алкагында өтүп, анда эл аралык мамилелер, коргонуу жана…

Кененирээк

УКМК интернетте тараган видеодон кийин Караколдогу аскер бөлүгүн текшерди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) социалдык тармактарга жарыяланган Каракол шаарындагы чек ара бөлүгүндөгү мыйзам бузуулар боюнча УКМКнын Чек ара кызматынын 2028-аскер бөлүгүнүн кызматкери Ж.Асанакунованын кайрылуусуна ылайык текшерүү жүргүзгөн.Ведомствонун маалыматына караганда, буга чейин ушундай эле арызды аскер кызматкери Ж.Асанакунова КР УКМКга кат жүзүндө берген.Бул билдирүүнүн негизинде УКМКнын тиешелүү органдары Аскер прокуратурасы менен биргеликте тыкыр текшерүү…

Кененирээк

Бала-бакчалардын тарбиячылары окутуудан өтүштү

29-январдан 2-февралга чейин Бишкек жана Ош шаарларындагы бала бакчалардын 4 миң 500дөн ашуун тарбиячысы «Мектепке чейинки билим берүү педагогдорунун кесипкөйлүгүн жакшыртуу» деп аталган окутуудан өттү.Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, бул окутуу модулу бала бакча тарбиячыларынын квалификациясын жогорулатуу үчүн ата мекендик жана чет өлкөлүк мектепке чейинки билим берүү илиминин жана практикасынын жаңы жетишкендиктерин эске алуу…

Кененирээк

Баткенде 30 аял грант алып, ишкердигин баштады

Чек арада жайгашкан Баткен районунун Актатыр, Самаркандек, Кара-Бак, Ак-Сай айыл аймактарындагы 30 аял атайын окутуулардан өтүп, өз ишкердигин баштады. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, 14 аял тигүүчүлүк боюнча, 1 аял мототакси кызматын уюштуруу, 2 аял малина өстүрүү, 2 аял азык-түлүк дүкөнүн ачуу, 8 аял кондитердик азыктарды даярдоо, 3 аял сүт азыктарын сатуу багытында ишкердик менен…

Кененирээк

Эмгек министрлиги 38 миңден ашык жумуш орунун түзөт

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 38 миңден ашык жумуш орундарын түзүү боюнча планды бекитти.Министрлик “Социалдык контракт” программасын ишке ашыруунун, акы төлөнүүчү коомдук иштердин жана “жеке ассистент” кызматын көрсөтүүнүн алкагында жумуш орундарын түзөт.Ошондой эле, министрлик иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чараларын активдештирүү боюнча аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлерин окутат.

Кененирээк

ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.Ведомствонун маалыматына караганда, жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.Буга байланыштуу министрлик шаардыктарды этият болууга чакырат жана шамал болгон кезде коопсуз жайларда болуу керектигин эскертет.

Кененирээк

Пенсиянын топтолгон бөлүгүн турак жай сатып алууда колдонсо болот. Мыйзамга кол коюлду

Кыргызстандыктар пенсиянын топтолгон бөлүгүн турак жай сатып алууда колдоно алат. Мыйзамга Президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 21-декабрында кабыл алынган. Бул мыйзамдын максаты 2 пайыз өлчөмүндө топтолмо пенсиялык фонддун каражаттарын колдонуу менен курулуш субъекттеринен жеке турак жай сатып алуу…

Кененирээк

Бишкекте ысык суу кырк күнгө өчүрүлөт

Бишкекте быйыл ысык сууну өчүрүү мөөнөтүн узартуу пландалып жатат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде “Бишкекжылуулуктармагынын” башчысы Уран Райымбеков билдирди. Анын айтымында, тармактагы мүчүлүштүктөрдү аныктоо жана жоюу бир топ убакытты талап кылат.“Быйыл 20-апрелден тарта сууну өчүрүп, оңдоо иштерин жүргүзүүнү карап жатабыз. Өчүрүү мөөнөтү 30-40 күнгө созулат. Бул жабдуулардын эскиришинен улам жумуштун көлөмү көбөйгөндүгү менен байланыштуу. Ошондой…

Кененирээк

ОшМУнун клиникасында биринчи жолу жүрөккө операция жасалды

Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасында биринчи жолу 60 жаштагы бейтапка кардиохирургия боюнча жүрөгүн токтотпой, согуп турган абалда ачык түрдөгү хирургиялык операция жасалды. Окуу жайдан билдиришкендей, коронардык артерияны шунттоо операциясы — шунттарды (кан тамыр трансплантаты) колдонуу менен коронардык тамырдын тарылган жерин айланып өтүү аркылуу жүрөктүн артерияларында кан агымын калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берүүчү операция болуп саналат. Операция…

Кененирээк

Футзал: Кыргызстан Тажикстанды 4:2 эсебинде утту

Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы Борбор Азия футбол ассоциациясынын чемпионатында экинчи жеңишке жетишти. Бул тууралуу Кыргыз фудбол союзунан билдиришти. Турнир ушул күндөрү Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында өтүп жатат.Тайпалык баскычтын 2-турунун алкагындагы беттеште кыргызстандыктар Тажикстан фудбол курамасы менен беттешип, 4:2 эсебинде жеңишке жетишти.Эки голду Кенжебүбү Ырысбек кызы киргизсе, Нурсулуу Мурзакулова менен Медина Рыспекова дагы бирден гол…

Кененирээк