Коргоо министрлигине автотранспорт каражаттары тапшырылды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине 81 даана автотранспорт каражатынын ачкычын тапшыруу аземине катышты. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин атынан Коргоо министрлигин мамлекеттик бюджеттин эсебинен алынган жаңы унаатехниканын алынышы менен куттуктады. Коргоо министрлигине Кыргызстандагы “Тулпар Моторс” заводунан чыгарылган…


