Билим берүү министрлиги кыргыз тили окуу китептеринин авторлору арасында кайрадан сынак жарыялады

Бул иш мектеп программасын жаңылоо жана 12 жылдык билим берүү моделине өтүү алкагында жүргүзүлүүдө. Арыздарды 2026-жылдын 28-февралына чейин тапшырууга болот: kitepkura.edu.kg аркылуу онлайн же Бишкек ш., Тыныстанов көч., 257 (2-кабат, 202-кабинет) дареги боюнча жеке. Документ тапшыргандан кийин талапкерлер сайттагы техникалык тапшырма менен таанышып, окуу иштеп чыгуусун даярдап, аны көз карандысыз комиссия баалайт. Сынакка мектеп, колледж…

Кененирээк

Бишкекте мектептер арасында «Таза шаар» сынагы өтөт

ЖК Төрагасы Марлен Маматалиев Бишкек шаарындагы мектептердин директорлору менен уюштурулган жыйынга катышты.  Жолугушууда 1-мартта баштала турган “Таза шаар” сынагы тууралуу маалымат берилип, бир айга созула турган өнөктүктү жеңген мектептерге чоң сыйлыктар каралганы айтылды.  Алсак, пластикалык калдыктарды чогултуу боюнча сынак 2026-жылдын 1-мартынан 1-майына чейин өткөрүлөт. Эң көп көлөмдө пластикалык калдыктарды чогулткан мектеп сынактын жеңүүчүсү деп табылат….

Кененирээк

Быйыл ЖОЖдорго өтүү үчүн босого балл өткөн жылдагы деңгээлде калат

Бул тууралуу илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Дурус Козуев билдирди. 2025-жылдагы босого балл:Негизги тест — 110 балл Предметтик тест — 60 балл Айрым багыттар боюнча: Педагогика — 130 (грант), 115 (контракт) Саламаттык сактоо — 120 (грант), 110 (контракт) Айыл чарба — 100 балл (грант/контракт) ИИМ академиясы жана КР Куралдуу күчтөрүнүн Аскер…

Кененирээк

Медакадемиянын 20 бүтүрүүчүсү чет өлкөгө ординатурада окууга жөнөтүлөт

Саламаттык сактоо министрлиги сынактын негизинде КММАнын 20 бүтүрүүчүсүн эң көп суроо-талапка ээ болгон адистиктер боюнча чет өлкөдө ординатурада окууга тандап аларын билдирди. Бул тууралуу 14-февралда студенттер менен жолугушууда министрдин орун басары Бакыт Кадыралиев маалымдады. Программага катышуунун шарты катары адистердин Кыргызстанга кайтып келип, улуттук саламаттык сактоо тутумунда иштөөсү көрсөтүлдү. Ошондой эле клиникалык даярдоо жаңыланары айтылып, 3-курстан…

Кененирээк

Окуучулар жазгы каникулда бир күн гана эс алат

Мектеп окуучулары жазгы каникулда бир күн, 6-мартта гана эс алышат. Бирок 7-8-март дем алышка туура келип, ошону менен дүйшөмбүгө чейин окубайт. Мындан тышкары, 1-10-майдагы майрамдар да каникул деп көрсөтүлгөн, бирок анда мектептер, башка мекемелер сыяктуу эле иштебейт.

Кененирээк

Мектептерде кванториумдар ачылат

Өлкөдө STEM системасындагы билим берүүнү өркүндөтүүнү көздөгөн долбоор ишке кирүүдө. Келечектеги инженерлер үчүн кабинеттер ар кайсы райондогу 220 мектепте март айынан тарта ачыла баштайт. Керектүү жабдуулардын баары сатылып алынган. Долбоор окуу программасынын алкагында ишке ашат. Агартуу министрлиги алдыңкы 53 мектепте кванториумдар ачыларын кабарлады.

Кененирээк

ЖОЖдордогу окуу программалары каралып, эски сабактар кыскартылат

Кыргызстандын жогорку билим берүү системасына өзгөртүүлөр киргизилет. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин коллегиясында белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жаңы министрликтин түзүлүшү жогорку билим берүү жана илим тармагын терең жаңылоого багытталган алгачкы кадам болду. Негизги максат — университеттерди таланттарды тарткан борборго, заманбап билимдин булагына жана өлкөнүн узак мөөнөттүү өнүгүүсүнүн негизги кыймылдаткычына айлантуу. Жакынкы…

Кененирээк

Өлкө боюнча 206 мектеп директорлугуна конкурс жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын мектеп жетекчилеринин бош кызмат орундарына конкурс жарыялайт. Республика боюнча жалпы 206 бош кызмат орунуна конкурс жарыяланды. Анын ичинен: Бишкек шаары – 11, Ош шаары – 8, Чүй облусу – 21, Нарын облусу – 10, Ош облусу – 59, Баткен облусу – 20, Ысык-Көл облусу…

Кененирээк

Аймактардагы 220 мектепке лабораториялык жабдуулар жана ноутбуктар берилди

Кыргызстан боюнча 220 кластердик мектеп STEM-класстар үчүн окуу-лабораториялык жабдуулар жана МКТ каражаттары менен камсыздалды. Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, жабдуулар «Алтын казык» мамлекеттик программасынын алкагында жеткирилди. Мектептерге 5 500 комплект лабораториялык жабдуу, 220 интерактивдүү панель жана 220 ноутбук берилди. Бул каражаттар сабактарда изилдөө иштерин жүргүзүүгө, лабораториялык иштерди башкарууга жана эксперименттердин жыйынтыктарын санариптик форматта көрсөтүүгө колдонулат.

Кененирээк

Кыргызстанда тик учак оңдогон алгачкы борбор ачылды

Эми жарандык авиациянын, ӨКМдин жана Коргоо министрлигинин тик учактарын өлкө аймагында оңдоп-тейлөөгө мүмкүн болот. “Буга чейин Кыргызстандын авиация тармагында мындай деңгээлдеги ишканалар болгон эмес. Бул долбоор өлкөдө заманбап авиациялык сервис жана окуу борборлорун түзүүгө мүмкүн экенин көрсөтөт”, — деди Улуттук инвестициялар агенттигинин жетекчиси. Мындан ары окуу-тренинг комплексин ачуу пландалууда, Ми-171 тик учагынын авиациялык тренажеру орнотулуп,…

Кененирээк