Париждеги олимпиадада Махмудовдун атаандашы белгилүү болду
Кыргызстандык балбан Акжол Махмудовдун Парижде өтө турган Олимпиада оюндарында дагы эки атаандашы белгилүү болду. Бул күндөрү Мексиканын Акапулько шаарында лицензиялык тандоо турнири өтүп жатат, жеңүүчүлөр Олимпиада оюндарына жолдомо алышат. 77 кг салмакка чейинки категорияда олимпиадага жолдомону венесуэлалык жана кубалык балбандар алышты. Жалпысынан бул салмак боюнча Парижде 16 спортчу күч сынашат. Учурда Акжол Махмудовдо, Азербайжандык Санан…


