Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100дөн ашык мамлекеттен спортчулар катышат

Бул тууралуу Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаевдин Чолпон-Атададагы ипподромдо өткөн көчмө жыйынында маалым болду. Маалыматка ылайык, жыйында дүйнөлүк масштабдагы маданий-спорттук иш-чарага даярдык көрүү маселелери талкууланып, уюштуруу иштеринин жүрүшү, инфраструктуралык объектилердин абалы жана эл аралык конокторду кабыл алуу шарттары каралды. Маданий оюндардын байге фондуна 4 млн сомдун тегерегинде каражат бөлүнөрү айтылды. Иш сапардын алкагында Бакыт Төрөбаев…

Кененирээк

2029-жылкы кышкы Азия оюндары Алматы шаарында өтөт

5-февралда Милан шаарында Казакстандын Улуттук олимпиада комитетинин президенти Геннадий Головкин жана Азия Олимпиада Кеңешинин (AOK) төрагасы Шейх Жоан бин Хамад ал-Тани кышкы Азия оюндарын Алматыда өткөрүү тууралуу расмий документке кол коюшту. Негизи 2029-жылкы кышкы Азия оюндары Сауд Арабиясында жаңыдан салынып жаткан Неом шаарында өтүшү керек болчу. Бирок быйыл январь айында АОК Сауд Арабиясы кышкы Азиаданы…

Кененирээк

Бүгүн Италияда кышкы Олимпиада башталат

Милан жана Кортина-д Ампеццо шаарларында өтө турган Олимп оюндары 22-февралга чейин уланып, ага 92 улуттук командадан 2 миң 900дөн ашык спортчу катышат. Кыргызстандан эки спортчу — Тимур Шакиров тоо лыжасы, Артур Сапарбеков лыжа жарышы боюнча ат салышат. 25-Кышкы Олимпиадага болжол менен 2 млн күйөрман келет деп күтүлүүдө.

Кененирээк

Ш. Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледжинин базасында жаңы спорт комплекси ачылды

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкек шаарындагы Ш. Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледжинин жаңы спорт комплексинин, ошондой эле капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн жатакана, мечит жана тарбия корпусунун ачылышына катышты. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бузурман Багышбеков, колледждин жетекчилиги, окутуучулары, машыктыруучулар жана тарбиялануучулар катышты. Заманбап борбордо спорт менен…

Кененирээк

Кышкы олимпиадага Кыргызстандан 2 спортчу катышат

2026-жылы Италияда өтө турган XXV Кышкы Олимпиада оюндарында Кыргызстан атынан эки спортчу катышат. Улуттук курама команданын курамына: Лыжа жарыштары Италиянын Валь-ди-Фьемме шаарында өтөт. Артур Сапарбеков классикалык стилдеги спринтке, 10 км эркин стилдеги жарышка катышат. Тимур Шакиров гиганттык слалом жана слалом боюнча күч сынашат. Мелдештер Бормио тоо-лыжа курортунда өтөт. Кышкы Олимпиада — 6–22-февраль, Кышкы Паралимпиада —…

Кененирээк

Акжол Махмудов негизги атаандашы менен күрөшөт

Күрөш федерациясы кыргыз балбаны болгариялык Айк Мнацаканян менен беттешерин билдирди. Экөө буга чейин төрт жолу күч сынашкан. Жалпы эсеп — 2:2. Мнацаканян дүйнө жана Европа чемпионаттарында бир нече байге алган. Ошондой эле Олимп оюндарына эки жолу катышкан спортчу. Алардын кармашы 13-февралда Бишкекте өтө турган SUPER 4 WRESTLING турниринин башкы беттеши болот.

Кененирээк

Минкаб: Кийинки жылы ар бир үчүнчү кыргызстандык спорт менен машыгуусу керек

Министрлер кабинети 2030-жылга чейинки дене тарбия жана спортту өнүктүрүү программасын коомдук талкууга чыгарды. Учурда Кыргызстанда калктын болгону 15%ы спорт менен үзгүлтүксүз алектенет. План боюнча бул көрсөткүч 30%га чейин жеткирилет. Негизги багыттар: Ошондой эле спорт улуттук санарип платформасын түзүү пландалууда. Мамлекеттик жана муниципалдык органдар программаны аткаруу боюнча жылына 2 жолу отчет берет. Максат — калктын саламаттыгын…

Кененирээк

Кыргыз футзалчылары Азия Кубогундагы алгачкы беттешин өткөрөт

Индонезиянын борбору Жакарта шаарында футзал боюнча Азия Кубогу бүгүн, 27-январда старт алат. Биздин оюнчулар «А» тайпасында Индонезия, Ирак жана Түштүк Корея курамалары менен күч сынашат. Алгачкы беттешин бүгүн, 14:00дө Ирак курамасына каршы өткөрөт. Жалпысынан турнирге 16 көлкө катышууда. Плей-офф баскычына ар бир тайпадан экиден курама чыгат

Кененирээк

Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курама командасы дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курама командасы 20 жашка чейинкилер арасында өткөн дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионунун В тайпасында алтын медаль утуп, чемпион болду. Алты улуттук курама команда катышкан турнир 18-24-январь күндөрү Бишкек шаарында өттү.Чемпионаттын жүрүшүндө кыргызстандык хоккейчилер ишенимдүү жана жогорку деңгээлдеги оюн көрсөтүп, өткөрүлгөн беш беттештин барында тең жеңишке жетишти. Кыргызстандын курама командасы Гонконгду — 4:1,…

Кененирээк

Ош шаарында Кыргызстандын дзюдо боюнча чемпионаты өтөт

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, иш-чара 23-25-январь күндөрү уюштурулат. Анын алкагында 2026-жылга карата Кыргызстандын эркектер жана кыз-келиндер арасындагы улуттук курама команданын курамы аныкталат. Чемпионат Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Дзюдо федерациясы тарабынан уюштурулууда.

Кененирээк