Россия Айтматовдун 100 жылдыгын жана Толстойдун 200 жылдыгын чогуу өткөрүүнү сунуштады

Садыр Жапаров Россия Президентинин Эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданий-гуманитардык кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Өзгөчө көңүл 2028-жылы белгилене турган эки ири мааракеге бурулду: Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгы Лев Толстойдун 200 жылдыгы Михаил Швыдкой бул эки дата кыргыз жана орус элдерин бириктирген өзгөчө маданий окуя экенин белгилеп,…

Кененирээк

Акын айымдарга сынак жарыяланды

Эл акыны Тенти Адышева атындагы республикалык ыр сынакка чыгармалар кабыл алынууда. Ага жашы 18ден жогору айымдар, кыргыз тилиндеги мурда жарыяланбаган ырларын жөнөтө алат. Чыгарма эки куплеттен кем эмес жана он куплеттен ашпашы керек. Ар бир катышуучу үч гана ыр бере алат. Баш байге 100 миң сом. Чыгармаларды кабыл алуу 5-февралда башталган, ал 30-апрелге чейин созулат….

Кененирээк

2026–2030-жылдарга маданият жана искусство тармагын өнүктүрүү программасы бекитилди

Минкабдын чечими менен кабыл алынган бул узак мөөнөттүү мамлекеттик план өлкөдө маданият тармагын колдоо жана ресурстарды бөлүүнү аныктайт. Иш чаранын алкагында китепканаларды кайра уюштуруу жана моделдүү маданий борборлорду түзүү, Улуттук көркөм искусство музейинде илимий-методикалык борбор жана реставрациялык лаборатория ачуу жана 2030-жылга чейин 4 миң музей экспонатын санариптештирүү жана ачык жеткиликтүү кылуу каралган. Гастрольдорду уюштуруу жана…

Кененирээк

Бишкекте «Достук» жана «Саякат» мейманкана комплекстерин масштабдуу реновациялоо башталды

Бишкекте «Достук» мейманкана комплекси жана «Саякат» туристтик комплекси капиталдык оңдоодон өтүп, заманбапташтыруу иштери башталды. Эки долбоор боюнча инвестициянын жалпы көлөмү 30 млн АКШ долларына чейин жетиши мүмкүн. Маалыматка ылайык, Дирекциянын карамагына өткөнгө чейин объекттер көп жылдар бою комплекстүү оңдолгон эмес: инженердик тармактар эскирген, электр тутумдары авариялык абалда болуп, өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бербеген, суу жана…

Кененирээк

Вокалдык-аспаптык ансамблдер үчүн музыкалык аспаптар тапшырылды

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин 12 айдын жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн коллегиясынын алкагында маданият жана искусство багытындагы билим берүү мекемелерине вокалдык-аспаптык ансамблдер (ВАА) үчүн музыкалык аспаптарды расмий тапшыруу аземи болуп өттү. Долбоордун алкагында республика боюнча 21 билим берүү мекемеси тандалып алынып, алар үчүн жогорку сапаттагы заманбап музыкалык жабдуулар сатып алынды. Бардык аспаптар тиешелүү техникалык текшерүүдөн…

Кененирээк

Маданият министрлиги TikTokту бөгөттөн чыгарууну сунуштады

19-февралда өткөн коллегияда маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев Кыргызстанда TikTok социалдык тармагын бөгөттөө чечимин кайра кароону сунуштады. Анын айтымында, учурда маалыматтык чөйрөнү мониторинг кылган борбор жоюлуп, соцтармактар менен иш алып барган ыйгарым укуктуу орган жок. Ошол эле маалда TikTok расмий бөгөттө турганына карабай, жарандар платформаны VPN аркылуу колдонуп жатышат. Тагаев…

Кененирээк

Бишкекте Ооган согушунда курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өттү

Иш-чара гүлчамбар коюу аземи менен башталып, «Жалгыз аялдын үнү» чыгармасынын коштоосунда курман болгон жоокерлер бир мүнөт унчукпай эскерилди. Метроном жаңырып, үч ирет салют атылды. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, коргоо министринин орун басары Алмазбек Кулмурзаев, Россиянын КРдеги элчилигинин коргонуу маселелери боюнча атташеси Игорь Довбня, ооган согушунун ардагерлери жана коомчулук өкүлдөрү катышты. Белгиленгендей, Ооган согушу…

Кененирээк

“КЕЛКЕЛ” тарыхый спектаклинин премьерасы өтөт

Б. Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театрында 14–15-февраль күндөрү жаңы тарыхый спектаклинин бет ачары өтөт. Спектакль көрүүчүлөрдү улуттук тарыхтын маанилүү барактарына жетелеп, доордун духун, каармандардын тагдырын жана коомдук өзгөрүүлөрдүн маңызын сахна аркылуу чагылдырат. Премьера чыгармачыл топтун узак даярдыгынын жыйынтыгы болуп, көркөм чечимдери, сахналык көркөмдөөсү жана актердук курамы менен өзгөчөлөнөт. “КЕЛКЕЛ” спектакли тарыхый аң-сезимди жаңыртып, улуттук баалуулуктарды…

Кененирээк

Садыр Жапаров жана Binance эл аралык криптовалюталык биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао Жыргалаңга барышты

Президент Садыр Жапаров 8-февралда Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында ири эл аралык Binance криптовалюталык биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао менен бирге Жыргалаңга барды. Алгач Садыр Жапаров менен Чанпэн Чжао комплекстин аймагын көрүп чыгышты. Андан соң Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук курорттук шаарчаларын бириктирген “Ала-Тоо Резорт” бардык мезгилге ылайыкталган тоо лыжа кластеринин курулушу менен таанышышты. Президенттин Администрациясынын…

Кененирээк

2025-жылы «Сулайман-Тоо» Улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси 369 миң 880 туристти кабыл алды

Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, отчеттук мезгилде музейдин атайын эсебине 21 млн 566 миң 520 сом каражат түшкөн. Ошондой эле музей кызматкерлери: Мындан тышкары, «Сулайман-Тоо» комплексинде экспонаттар санариптештирилип, материалдык-техникалык база чыңдалып, аймакты көрктөндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Кененирээк