Кыргызстанда тоок жумурткасынын баасы турукташты

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын маалыматына ылайык, айдын биринчи жарымында республика боюнча 10 даананын баасы орто эсеп менен 10 сомго, айрым аймактарда 20 сомго чейин кымбаттаган. Өндүрүүчүлөр, соода түйүндөрү жана Айыл чарба министрлиги менен жолугушуулардан кийин баа төмөндөй баштаган. Азыр республика боюнча орточо баа 129 сомду түзөт, ал эми Бишкектеги Ош базарында жумуртка категориясына жараша…

Кененирээк

Эми балдар жана майыптыгы бар адамдар акысыз балык уулай алышат

Айыл чарба министрлиги балык уулоонун жаңы эрежелери бекитилип, ишке киргенин кабарлады. Ага ылайык, I, II жана III топтогу майыптыгы бар жарандар, Чернобыль атомдук электр станциясындагы авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандар жана 14 жашка чейинки өспүрүмдөр акысыз балык уулай алат. Аларга бир суткада 2,5 килограммга чейин балык кармоого уруксат берилет.

Кененирээк

Кыргызстанда унааны каттоо онлайн форматка өттү

Президент Садыр Жапаров транспорт каражаттарынын айрым категорияларын жана аларга болгон менчик укугун онлайн каттоону убактылуу ишке киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду. Эксперименттик режим 2026-жылдын 1-апрелинен 31-декабрына чейин күчүндө болот. Бийлик бул долбоор санариптик кызматтарды сыноо жана мамлекеттик кызматтарды жөнөкөйлөтүү үчүн киргизилип жатканын билдирди. Эгер сыноо ийгиликтүү өтсө, туруктуу онлайн-каттоого өтүү үчүн өзүнчө ченемдик акт даярдалышы…

Кененирээк

Кыргызстанда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болду

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 2-апрель таңкы саат 05:28де Кыргызстанда очогунда күчү 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды. Жердин силкиниши Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарында, Мырза-Арык, Кароол айылдарында 4,5 балл, Куршаб, Мырза-Аке, Красный-Маяк айылдарында 4 балл, Кара-Суу, Отуз-Адыр, Курбу-Таш, Салам-Алик айылдарында жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Ичке-Сай айылында 3,5 баллга чейин сезилди.

Кененирээк

Кара-Кулжа менен Алайды байланыштарган жол-Турак үйлөргө коркунуч жаралабы?

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Примов Кара-Кулжа жана Алай райондорун байланыштырган жол Алай районундагы Корул же Жошолу айылынан чыкса, бир топ турак-үй буздурулушу мүмкүн экенин белгиледи. Эл өкүлү тийиштүү министрликти долбоорду иштеп чыгууда аймактагы абалды жана жергиликтүүлөрдүн сунуштарын эске алууга чакырды. Ошону менен бирге ал Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматын өз алдынча агенттик кылып…

Кененирээк

Карызды банктык эсептен алуу ыкмасы тууралуу түшүндүрмө берилди

Алмамбет Шыкмаматов карызды банктык эсептен алуу ыкмасы тууралуу түшүндүрмө берди. Башкы салыкчынын айтымында, салыкты өндүрүү бир нече баскычта ишке ашат. Алгач, төлөөчүгө маалымкат, телефонуна СМС билдирүү жиберилет. Жаран бир ай ичинде салыкты төлөйт же ага апелляция жаза алат. Эгер бир ай ичинде төлөм жүргүзүлбөсө, Салык кызматы карызкор жарандын эсебинен салыкты чечип алуу боюнча банкка талап…

Кененирээк

1-апрельден тарта айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу үчүн акы төлөнөт

Президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары Бообек Салимжановдун айтымында, мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу акциясынын жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке болжол менен 350 миллион сом түшпөй калды. Ал акция 15-январдан 31-мартка чейин жүргөнүн эске салды. Салимжанов билдиргендей, бул мезгил ичинде жарандарга 378 миң жаңы айдоочулук күбөлүк акысыз берилди. 1-апрелден тарта мөөнөтсүз күбөлүктөрдү алмаштыруу акы төлөнүүчү болуп, баасы…

Кененирээк

Ийне салынган таттууларды таратып жүргөн адам кармалды

Бишкек шаарындагы Ак-Ордо конушунда кооптуу окуя катталды. Белгисиз эркек киши балдарга ичине ийне сыныктары салынган конфеттерди таратып жүргөн. Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2015-жылы туулган кызы жана башка балдар белгисиз адамдан таттуу алып, кийин алардын ичинен учтуу ийне сыныктары табылган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар…

Кененирээк

Бишкекте мамлекеттик айдоочулук мектебине онлайн окутуу башталды

Айдоочулук күбөлүк боюнча экзамендерди өткөрө турган жол кыймылын сертификациялоо борбору да ачылды. Баары бир имаратта жайгашкан. Биринчи кабат жасалма интеллектке негизделген экзамендер үчүн колдонулат, ал жерде видеобайкоо катуу жүргүзүлөт. Айдоочулук мектеби экинчи кабатта жайгашкан, бирок сабактар онлайн режиминде өткөрүлөт. Курстар эки тилде жүргүзүлөт. Курстун узактыгы 10 ай, баасы 19 000 сом. Борбор Горький көчөсү, 142…

Кененирээк

Төө-Ашууга жаңы асфальт төшөлөт

Транспорт министрлиги Бишкек–Ош жолунун 130–чакырымынан 146-чакырымына чейин жаңы асфальт төшөлөрүн кабарлады. Муну менен катар «Сосновка» постунан Төө-Ашуунун түшө беришине чейинки жолдун жээгиндеги коопсуздук тосмолору алмаштырылып жатат. Министрлик алар дээрлик 20 жылдан бери алмаштырылбагынын кабарлады.

Кененирээк