Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча өнөктүк аяктады

Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду. «Унаа» мекемеси 1-апрелден тарта мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу үчүн 1 389 сом алына турганын кабарлаган. Эски күбөлүктөрдү алмаштырууда 083-формасындагы медициналык маалымкат талап кылынбайт. Март айынын аягына чейин 335 миңге жакын айдоочу эски күбөлүктөрүн алмаштырууга жетишкен.

Кененирээк

Баатыр энелердин балдарына окуу акысына жеңилдик берүү сунушталды

Жогорку Кеңеш комитети Баатыр эне ордени менен сыйланган энелердин балдары үчүн жаңы жеңилдик караган токтом долбоорун колдоду. Демилгеге ылайык: Талкууда финансы министринин орун басары Улугбек Календеров бул жеңилдиктерди каржылоо гранттык каражаттар аркылуу гана мүмкүн экенин белгиледи. Айрым депутаттар маселени кайра карап чыгуу жана тиешелүү органдар менен биргеликте компромисстик чечим табуу керектигин айтышты. Демилге азырынча талкуу…

Кененирээк

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушу 2028-жылы аяктайт

Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси элдин суранычын эске алуу менен, ушул жылдын июнь айынан ноябрь айына чейин жол убактылуу ачыларын билдирди. Бирок айрым тилкелерде таш кулоо, тоо көчүп кетүү тобокелдиги бар экенин эскертти. Анын айтымында, жол ноябрь айынан баштап 2027-жылдын май айына чейин кайра жабылат. Анын курулушу 2028-жылы толук аяктайт. Ага чейин кемчиликтери жоюлуп, кооптуу аймактар…

Кененирээк

Ошто аэропортко кетчү альтернативдүү жол жаңыланат

Калаа мэриясынын айтымында, Ош көчөсү Раимбеков көчөсүнөн Касымбеков көчөсүнө чейин төрт тилкелүү болуп кеңейтилет. Көчөнүн жалпы узундугу 3 чакырымды түзүп, кеңдиги 24 метрге чейин болот. Эки тарабында тротуар жана жашыл аймак каралган. Бул Ош аба майданына алып барчу кошумча альтернатива жолдордун бири катары пайдаланылат.

Кененирээк

Зардалыга футбол аянтчасы курулуп жатат

Долбоор президент Садыр Жапаровдун фондунун эсебинен каржыланууда. Баткен районунунун борборунан 110 чакырым алыста жайгашкан Зардалы айылына буга чейин унаа жол салынып, электр жарыгы жана байланыш маселелери чечилилген.

Кененирээк

Шаардык сот «Кемпир-Абад» иши боюнча айыпталгандарды актады

Бишкек шаардык соту «Кемпир-Абад» иши боюнча айыпталып жаткандарды актаган чечимди күчүндө калтырды. 27-марттагы отурумда тараптардын жарыш сөзү угулду. Мамлекеттик айыптоочулар Кемпир-Абад ишин кароону кайрадан райондук сотко жиберүүнү өтүнгөн. Ал эми айыпталгандар актоону суранышкан. 2022-жылы октябрда Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 адам — саясатчы, укук коргоочу жана активист кармалган. 2024-жылы Биринчи…

Кененирээк

“Эскерүү багы” акциясынын алкагында Манас шаарында 150 көчөт отургузулду

Манас шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган эл аралык “Эскерүү багы” акциясы өтүүдө. Бул тууралуу Россотрудничествонун өкүлчүлүгү билдирди. Акциянын алкагында Кыргызстан менен Россиянын аймактарынын Достук паркына 150 бактын көчөтү отургузулду. Иш-чарага жалпысынан 300гө жакын адам катышкан. Акцияга Жалал-Абад облусунун башчысы,Манас шаарынын мэри, Россиянын Оштогу башкы консулу, Россотрудничество жана “Кант” авиабазасынын өкүлдөрү катышты….

Кененирээк

Айрым бюджеттик кызматкерлердин айлыгы көбөйтүлөт

Президент Садыр Жапаров бюджеттик тармактагы айрым кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу боюнча жарлыкка кол койду. 1-апрелден тартып:— Билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, маалымат, спорт жана социалдык коргоо тармагындагы кызматкерлерге 1 ставка үчүн 15 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсация төлөнөт.— Техникалык жана кенже тейлөөчү персонал, ошондой эле жарандык кызматкерлер үчүн 5 миң сом кошумча төлөм каралат. 1-сентябрдан…

Кененирээк

Кыргызстанда кремацияга 2040-жылга чейин тыюу салуу сунушталууда

Тиешелүү мыйзам долбоорун Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттик иштеп чыккан. Азыркы мыйзамда сөөктү кремациялоого кылууга уруксат берилген, бирок өлкөдө бул үчүн керектүү инфраструктура түзүлгөн эмес. Агенттик белгилегендей, республикада крематорийлер жок. Ал үчүн каржылоо, экологиялык жана санитардык талаптарды сактоо, ошондой эле коомдун маданий өзгөчөлүктөрүн эске алуу сыяктуу көп маселелерди чечүү зарыл. Мындан улам кремацияны…

Кененирээк

Бишкекте ысык суунун тарифи көтөрүлдү

Шаар мэриясы 1-марттан тарта жаңы баа менен эсептелерин кабарлады. Ал эми жылытуунун тарифи өзгөрүлгөн эмес. Бааны көтөрүү чечими Энергетика министрлиги тарабынан кабыл алынган.

Кененирээк