ДКО: тамактануу жайларынын тазалыгы жана санитардык коопсуздугу көзөмөлдөнүүдө

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү мезгилинде оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдары Оюндардын катышуучуларынын жана конокторунун санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылууга багытталган профилактикалык жана көзөмөлдөө иш-чараларынын комплексин жүргүзүүдө. Даярдык иштери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталганга чейин алдын ала жүргүзүлө баштаган. Адистер жайгаштыруу жана тамактануу объектилерин текшерип, алардын санитардык-техникалык абалына, тамак-аш даярдоочу жайлардын даярдыгына,…

Кененирээк

V Элдик курултай 18-декабрда Бишкекте өтөт

V Элдик курултайга 700 делегат шайланары пландалууда. Шайлоону уюштуруп,  координациялоочу уюштуруу комитетинин курамы да бекитилди.Курултай жаңы «Ырыс Ордодо» өтүшү күтүлүүдө.Тиешелүү жарлыкка президент 2026-жылдын 3-сентябрында кол койду.

Кененирээк

Кыргызстанда чет элдик номурдагы 5,5 миңден ашык унаа легалдаштырылды

Кыргызстанда чет өлкөлүк мамлекеттик номур менен жүргөн унааларды кошумча легалдаштыруу өнөктүгү аяктады. Жыйынтыгында 5 531 унаа легалдаштырылып, мамлекеттик каттоодон өттү. Алардын ичинен 48и оң рулу сол рулга өткөрүлгөн («перекид») унаалар. Легалдаштырылган унаалардын: • 4 870и — кыймылдаткычы 2 000 см³ чейин;• 661и — 2 000 см³дөн жогору. Бардык унааларга Кыргызстанда «10» аймактык коду бар мамлекеттик…

Кененирээк

Бишкектеги жаңы автобекет ушул айда ачылат

Жаңы автобекеттин курулушу 95% аяктады. Ички жасалгалоо иштери бүтүп, учурда асфальт төшөө жана айланасын көрктөндүрүү гана калды. Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев объект ушул айда пайдаланууга берилерин билдирди. 30 миң чарчы метрлик автобекетте соода түйүндөрү, аялдамалар жана унаа токтотуучу жайлар болот.

Кененирээк

Кырчында 3 миң чүкөдөн илбирстин 3D сүрөтү жасалды

Авторлордун айтымында, эмгекте кыргыз элинин салттары, кол өнөрчүлүгү жана улуттук баалуулуктары чагылдырылган. Илбирс — Кыргызстандын символу жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тумары.

Кененирээк

Кыргызстанда банктарды бирдиктүү тез төлөм системасына бириктирүү сунушталды

Улуттук банк Кыргызстандын тез төлөмдөр системасы (СБП) боюнча жобонун долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Жаңы система аркылуу жарандар жана компаниялар акчаны 24/7, реалдуу убакыт режиминде, кайсы банкта эсеп ачылганына карабастан которо алышат. Акча которуу үчүн алуучунун телефон номери, улуттук стандарттагы QR-код, эсеп же банк картасынын номери сыяктуу бирдиктүү идентификатор колдонулмакчы. Система банктарды, төлөм уюмдарын жана алардын…

Кененирээк

Кыргызстандыктар Таиландда 30 күнгө чейин визасыз жүрө алышат

15-сентябрдан тарта Кыргызстандын жарандары Таиландга визасыз кирип, 30 күнгө чейин жүрө алышат. Бул тууралуу өлкө ТИМинин маалыматында айтылган. Жаңы тартип кадимки паспорт ээлерине тиешелүү. Учурда кыргызстандыктар Таиландга баруу үчүн 15 күндүк виза алышат. 15-сентябрдан кийин мунун зарылдыгы болбойт. Таиланддын жарандары да Кыргызстанда 30 күнгө чейин визасыз жүрө алышат.

Кененирээк

Бишкекте самокаттардын ылдамдыгына чек коюлду

Мэриянын жаңы чечимдерине ылайык, самокаттардын ылдамдыгы 15 км/сааттан ашпайт; Атайын токтотуучу жайлар (сары белгилер) киргизилет; Туура эмес токтотулган самокаттар 3 сааттан кийин эвакуацияланат; Үчүнчү тарапка милдеттүү камсыздандыруу талап кылынат. Шаарда 64 чакырым веложол бар, инфраструктураны өнүктүрүү уланат. Кикшеринг кызматтарына көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды. “Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун коопсуздук эрежелерин сактоого жана жол…

Кененирээк

Жайкы туристтик сезон алдында туристтик объекттерге мониторинг жүргүзүлүүдө

Саламаттык сактоо министрлиги 2026-жылдагы жайкы туристтик сезонго комплекстүү даярдык көрүү иштерин жүргүзүп, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукка, ичүүчү суунун сапатына жана туристтик инфраструктуранын эс алуучуларды кабыл алууга даярдыгына өзгөчө көңүл бурууда. Даярдык иштеринин алкагында Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик санитардык дарыгери, саламаттык сактоо министринин орун басары Гульбара Ишенапысова Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин, аймактык санэпидкөзөмөл борборлорунун…

Кененирээк

Кара-Суу районундагы сел кырсыгынан кийин аймактагы социалдык кызматкерлер калкка ыкчам жардам көрсөтүүдө

Өзгөчө Отуз-Адыр айыл аймагына караштуу Сары-Колот айылындагы кырдаал көзөмөлгө алынып, тиешелүү кызматтар тарабынан селдин кесепеттерин жоюу боюнча иштер тынымсыз жүргүзүлүүдө. Кара-Суу райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Нурланбек Кочкорбаев социалдык кызматкерлер менен биргеликте кырсык болгон аймактарда жеринде иш алып барып, жабыркаган жарандардын абалынан кабар алууда. Алар сел каптаган үйлөрдү кыдырып, тазалоо иштерине түздөн-түз…

Кененирээк