«Нестле» балдар азыгынын дистрибьютору айрым партияларын чакыртып алууда

«Нестле» балдар тамак-ашынын дистрибьютору азыктарынын айрым партияларын кайра чакыртып алууда. Бул боюнча Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине билдирүү келип түшкөн. Агенттик «Форестер» ЖЧКсынан «NAN 1 OPTIPRO», «NAN OPTIPRO 2», «NAN EXPERTPRO», «NAN 2 OPTIPRO», «PRENAN» жана «NAN LACTOSE» бренддери менен тез даярдалган сүт, кычкыл сүт жана лактозасыз кургак формулаларды өз ыктыяры менен чакыртып алуу боюнча билдирүү…

Кененирээк

Россиядан ташылып келген 44,2 тонна картошка артка кайтарылды

2026-жылдын 7-январында мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогундагы «Ак-Тилек» өткөрүү пунктуна жакын жайгашкан «Жыйынды постунда» Россия Федерациясына таандык 44,2 тонна картошка Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүүдө карантиндик фитосанитардык талаптардын бузулушу аныкталган. Мындай мыйзам бузуулар Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайыминистрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан карантиндик фитосанитардык текшерүү…

Кененирээк

Ош шаарында бир нече көчө жаңыланып, пайдаланууга берилди

Ош шаарындагы Төлөйкөн айыл аймактык башкармалыгында төрт көчө пайдаланууга берилди. Алар Карымов, Тешебаев, Аматбеков жана Туташов көчөлөрү. Аталган көчөлөрдө унаа кыймылы көп болгондуктан бир топ ыңгайсыздыктарды жаратып келген. Шаар башчысы Жеңишбек Токторбаев буга чейинки рейддик кыдырууларында маселени жеринен көрүп, дароо тапшырмаларды берген. Бүгүн аталган жол көйгөйүнө чекит коюлуп, шаар жетекчиси көчөлөрдү расмий түрдө ачып, унаа…

Кененирээк

Ысык-Көлдө жергиликтүү чиркөөгө уурулукка киргендер кармалды

Ысык-Көлдүн Ак-Суу айылында эки жаш жигит жергиликтүү чиркөөгө уурулукка кирген. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады. Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, шектүүлөр чиркөөдөгү жаңы жылдык балатыны өрттөп, дүкөндөн 10 жаңы жылдык белек баштыгын, эки күмүш чынжырчаны, беш-алты күмүш шакекти жана 15ке жакын күмүш кресттерди уурдап кетишкен. Алар ошондой эле Wi-Fi роутерин алып, эки…

Кененирээк

Садыр Жапаров өлкө православдарын Рождество майрамы менен куттуктады

Мамлекет башчы майрам ырайымдуулук, жакынга болгон сүйүү, боорукерлик жана жакшылыкка ишеним сыяктуу түбөлүктүү руханий баалуулуктардын чагылдырарын белгилеген. Ал кылымдар бою адеп-ахлактык жаңылануунун булагы болуп, адамдардын тынчтыкка, ынтымакка жана өз ара сый-урматка умтулуусун бекемдеп келерин айткан. “Православ ишенимин кармангандар коомубуздагы конфессиялар аралык ынтымакты, руханий байлыкты жана маданий ар түрдүүлүктү сактоого олуттуу салым кошуп келет. Өлкөбүздүн жалпы…

Кененирээк

БШК №13 округдагы шайлоочулардын тизмесин жарыялады

БШК №13 округда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо боюнча добуш берүүчүлөрдүн тизмесин жарыялады. «Тизме» порталында 161 миң 347 шайлоочу болсо анын 49,83% эркектер, ал эми 50,17% аялдар түздү. Шайлоочулардын тизмеси 2026-жылдын 13-январына чейин 94 шайлоо участогуна илинет. Шайлоочу өзүн тизмеден 18-февралга чейин 1255 же 119 кыска номерлерине чалып же шайлоо участогунан же «tizme.gov.kg»…

Кененирээк

Бишкектеги Карылар үйүндө чыккан өрттөн 2 киши каза тапты

Бишкекте Карылар үйүндө өрт чыкканын, ушу тапта өрттү толук өчүрүү аракети көрүлүп жатканын 6-январда кечки саат 19:40 чамасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, эки кишинин өмүрү кыйылды, 15 киши эвакуацияланды. Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы Абай көчөсүндө жайгашкан Карылар үйүнөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы төрт күжүрмөн эсеп жана…

Кененирээк

Соцтармакта балдарды мазактаган видео боюнча милиция териштирүү баштады

Соцтармакта балдарды мазактагандардын видеосу тарап, милиция шектүүлөрдү суракка чакырды. Видео Аламүдүн айылында тартылган болушу мүмкүн. Кадрлардан жаш балдарды сабап, “жоокерлердей” бастырып, короону кайтартып, жумуш жасатып, ал эми бирөөсүнүн бетине жыртык-тешик бүтөгөн көбүктү чачып салышканын көрүүгө болот. Тиешелүү экспертизалар дайындалды, тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы менен чара көрүлмөкчү. Окуя Свердлов РИИБдин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынган.

Кененирээк

Ошто Ж. Шамшиев көчөсү оңдолуп, пайдаланууга берилди

Бүгүн 6-январь күнү Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев калаадагы Ж.Шамшиев көчөсүндөгү көпүрөнү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөндөн кийин пайдаланууга берди. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жашоочулар катышты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Көпүрөнүн узуну 9 метр, кеңдиги 21 метрди түзөт. Эки тарабына жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар , жашыл аймак каралып, суу түтүктөрү тартылып, ирригациялык лотоктор орнотулду….

Кененирээк

Бишкекте «Жөө жүргүнчү» аттуу масштабдуу рейд өтүүдө

Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы (МККБ) жол кырсыктарынын санын азайтууга багытталган «Жөө жүргүнчү» профилактикалык рейдин баштады. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты. Иш-чаранын алкагында инспекторлор борбор калаанын эң кыймылдуу тилкелеринде көзөмөлдү күчөтүп, айдоочулардын да, жөө жүргүнчүлөрдүн да эрежелерди сактоосуна өзгөчө көңүл бурууда. Акциянын негизги максаты — шаардагы кыймылдын активдүүлүгүн эске алуу менен жол эрежелерин так…

Кененирээк