Кабмин Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планын бекитти

Министрлер кабинети Бишкекти 2050-жылга чейин өнүктүрүүнүн жаңы Башкы планын бекитти. Документке ылайык, борбор калаанын калкы 1,92 млн адамга чейин өсүшү мүмкүн, ошондуктан шаар коңшу калктуу конуштар менен агломерация принцибинде өнүгөт. Бишкек IT, креативдүү экономика, медицина, туризм жана жогорку технологиялык бизнеске басым жасайт. Шаар жогору карай өсөт: жеке сектордун үлүшү кыскарып, негизги курулуш көп кабаттуу үйлөргө…

Кененирээк

Бишкекте мугалимди сабаган окуучу бир жылга пробацияга кесилди

Бишкекте мугалимди сабаган мектеп окуучусу бир жылга пробацияга кесилди. Райондук сот 16 жаштагы М.К.А.ны денеге оор залал келтирүү боюнча күнөөлүү деп тапты.Өспүрүм жана анын ата-энеси мугалимден жана коомчулуктан кечирим сурашты.

Кененирээк

Кыргызстанда керээз боюнча мурас алууну жеңилдетүү сунушталды

Кыргызстанда керээз боюнча мурас алууну жөнөкөйлөтүүгө багытталган мыйзам долбоору иштелип чыкты. Демилгени бир катар депутаттар көтөргөн. Документке ылайык, керээзде көрсөтүлгөн жарандар маркумдун жакын тууганы болбосо да, анын өлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүн ала алышат. Азыркы мыйзам боюнча мындай документ негизинен жакын туугандарга гана берилет. Мындан улам керээз боюнча мураскер болгон, бирок туугандык байланышы жок адамдар нотариуска…

Кененирээк

Айдоочуларга эскертүү! Кыргызстандын ашууларында кар жаап жатат

Кеп Төө-Ашуу, Кубакы, Долон жана Өтмөк ашуулары тууралуу болууда. Акыркы үч ашууда кардын калыңдыгы 25 сантиметрге чейин жеткен. Транспорт министрлигинин кызматкерлери жолдорду тазалап, инерттүү материалдарды себүүдө.

Кененирээк

Бишкектеги жаңы Ош базар август айында бүтөт

Бишкектеги жаңы Ош базарды август айына чейин бүткөрүү пландалууда. Жаңы базардын жалпы аянты 155 000 чарчы метрди түзүп, анын 10 000ден ашыгын соода жайлары камтыйт. Имараттар эки кабаттан жана бир жер астындагы кабаттан турат. Аларда кампалар, унаа токтотуучу жайлар жана жыл бою соода кылуу үчүн башка жайлар да болот. Ош базарынын учурдагы имараты жаңы комплекс…

Кененирээк

Ошто Санкт-Петербург көчөсү пайдаланууга берилди

Ошто 9- майга карата Санкт-Петербург көчөсү толугу менен жаңыланып жана жол логистикасын жакшыртуу үчүн жаңы көпүрө курулду. Салтанаттуу ачылыш аземи шаар жетекчилигинин жана чет элдик дипломаттардын катышуусунда өтүп, Ош шаары үчүн жаңы транспорттук байланыштын маанилүүлүгүн тастыктады. Эми Санкт-Петербург көчөсү Мамыров көчөсүнө ыңгайлуу өтүүнү камсыз кылат, ал эми жаңы жарыктандыруу тутуму жана тротуарлар бул тилкени тургундар…

Кененирээк

Ысык-Көлдүн үстүнө веложол салынат…

Чолпон-Атадагы веложол Корумдуга чейин узартылып, маршруттун бир бөлүгү көлдүн үстү менен өтөт. Мындай тапшырманы Садыр Жапаров берди. Президент бул уникалдуу долбоор болорун белгиледи. Учурда веложол Чолпон-Ата менен Бостери айылын бириктирип турат.

Кененирээк

Ажылардын алгачкы тобу Медина шаарына жөнөп кетти

10-май күнү 180 зыяратчы Ош эл аралык аэропортунан Медина шаарына учуп кетишти. Болочок ажыларды сапарга Муфтий Абдулазиз кары Закиров, Дин башкармалыгынын кызматкерлери, Сауд Арабиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ияд бин Гази Хаким узатышты.

Кененирээк

ӨКМ башчысы Жалал-Абад менен Ошто селден жабыркаган аймактарды кыдырып жүрөт

Канатбек Чыныбаев сел коркунучу бар аймактарда алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырды. Ошондой эле жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин көрүп, жергиликтүү тургундар менен жолугушкан. Буга чейин Ош облусунун Кара-Суу, Алай райондорунда сел жүрүп, бир нече турак-үйлөр жана социалдык обьекттер жабыркаган. Жолдор жабылган. Баткен жана Жалал-Абад облустарынын бир катар аймактарында да сел суулары турак үйлөрдү каптаган болчу.

Кененирээк