Документ таап алсаңыз соцтармакка чыгарууга ашыкпаңыз! Министрлик эскертет

Санариптик өнүктүрүү министрлиги жоголгон документти соцтармак аркылуу жайылтуу документ ээлеринин жеке маалыматтарынын купуялуулугун бузууга алып келээрин билдирди. Документ таап алган жаранды ээлерине кайтарып берүү үчүн соцтармакка эмес Калкты тейлөө борборуна жана паспорт бөлүмдөрүнө өткөрүп берүүгө чакырды.Жоголгон документтерди издөө порталда жана “Түндүк” тиркемесинде “Табылгалар бюросунан маалымат алуу” бөлүмүндө жеткиликтүү.Статистикалык маалыматтарга таянсак 2023-жылдын 11 айында 911 документ…

Кененирээк

Курултай боюнча ИИМге 50дөн ашык кайрылуу түштү

Эки күнгө созулган Элдик Курултайда Ички иштер министрлигине делегаттар тарабынан 50дөн ашык кайрылуу түшкөн. Анын ичинен 19у сунуш, 3өө ыраазычылык экендиги айтылды. Калганы милициянын күнүмдүк иши, тергелип жаткан кылмыш иштери жана кылмыштардын алдын алуу маселелери боюнча кайрылуулар болгондугун мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Ички иштер министрлигинин башчысы келип түшкөн бардык арыздарды жана кайрылууларды жеринде тиешелүү…

Кененирээк

Бүгүн “Ала-Тоо” аянты унааларга жабылат

Бүгүн Чүй проспектисинин «Ала-Тоо» аянтындагы бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.Жол жаңы-жылдык балатынын жандырылышына байланыштуу 18:00дон тарта жабылып, иш чара аяктаганда кайра ачылат. Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим суроо менен айдоочуларды алдын ала альтернативдүү жолдорду тандап алууга чакырат.

Кененирээк

Мамкурулуш төмөнкү 38 обьекттен батир албай турууга чакырат

Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги 2023-жылдын 12-декабрына карата башкармалык тарабынан сот органдарына өткөрүлүп берилген курулуш компаниялардын жана алардын өз билемдик менен жана курууга уруксат кагаздары жок объектилердин тизмесин сунуштады. Соттук териштирүүлөр бүтмөйүнчө аталган компаниялардан батир албай турууга чакырды.Видеодо Бишкекте курулуп жаткан 38 үйдүн тизмеси жарыяланган. Алар:1.Чуйков көчөсүндөгү көп кабаттуу үй. «Элит Хаус…

Кененирээк

Элдик курултай ардактуу конокторсуз өтөт

Быйыл Элдик курултайга ардактуу коноктор чакырылбайт. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов билдирди. Анын айтымында, иш чара маселелерди реалдуу чечкен, жумуш алып барган аянтча болот. Курултайга быйыл шайланган делегаттар гана катыша алат, алардын саны – 700 адамдан турат. Анын ичинен республиканын бардык аймактарынан – 640, этностук өкүлчүлүктөрдөн – 30 жана чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан –…

Кененирээк

Бардык интернаттарга видеокөзөмөл орнотулат

Өлкөдөгү бардык интернаттарга видеокөзөмөл орнотулат. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады. Ошондой эле министрлик Кадамжай психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде “майыптыгы бар адамды тарбиячы уруп жатат” — деген өңүттө таркап жаткан видео боюнча түшүндүрмө берди.Министрликтин айтымында, бул видео 2021-жылы кыш мезгилинде тартылган. Буга чейин мекеменин жетекчилиги жана мыйзам бузууларга жол берген кызматкерлер алмашылган.Эмгек,…

Кененирээк

Кошунасынын тынчын алгандарга айып пул салуу сунушталууда

Кошунасына тынчтык бербей, ызы-чуу кыла бергендер айыпка жыгылат. Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев сунуштап, коомдук талкууга койду. Документте көп кабаттуу үйгө түнү менен адамдарды чакырып, же катуу музыка коюп, курулуш же оңдоо иштерин жасап кошуналарына тынчтык бербегендерге милиция чара көрө албай жатканы жазылган. Ал эми үйгө жанаша жайгашкан оюн-зоок жайлары, кафе, бар жана…

Кененирээк

Садыр Жапаров: базарлар 1-июлга чейин патент менен иштейт

Кыргызстандын базарларында патент менен иштөө системасы 2024-жылдын 1-июлуна чейин жылдырылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Дордой» базарына барганда билдирди.Эске салсак, 2024-жылдын 1-январынан тарта патент менен иштөө системасы жоюлаары маалымдалып, соңку күндөрү бир катар ири базарларда буга каршы нааразычылык акциялары өтүп жаткан. Буга чейин президенттин тапшырмасы менен базарларда жүрүп жаткан нааразычылыктарды иликтөө үчүн атайын коммиссия да…

Кененирээк

Түркиядан жасалма доллар алып келип саткандар кармалды

Бишкекте Түркияда жасалган АКШнын жасалма валютасын сатып жүргөн эки адам кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Шектүүлөр Кыргызстандын жарандары. Алар УКМКнын Жалал-Абад облустук тергөө абагына киргизилди.Маалыматка караганда, шектүүлөр Өзбекстан жана Түркиянын жарандары менен биргеликте иш алып барышкан.Аларга каршы Акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды жасалмалоо беренеси менен иш козголду.

Кененирээк

Алай районунда калктын аярлуу катмарына чоң майрам уюштурулду

Бүткүл дүйнөлүк мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын күнүнө карата Ош облусунун Алай районунда майрамдык иш чара өткөрүлдү. Иш чара «Примов» кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулуп ага Жогоркү Кеңештин депутаты Улан Примов, Президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышышты. Майрамдык салатанатка Алай районунун аймагындагы мүмкүнчүлүгү чектелген 100 бала чакырылып, алар үчүн концерттик программа…

Кененирээк