Кошунасынын тынчын алгандарга айып пул салуу сунушталууда
Кошунасына тынчтык бербей, ызы-чуу кыла бергендер айыпка жыгылат. Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев сунуштап, коомдук талкууга койду. Документте көп кабаттуу үйгө түнү менен адамдарды чакырып, же катуу музыка коюп, курулуш же оңдоо иштерин жасап кошуналарына тынчтык бербегендерге милиция чара көрө албай жатканы жазылган. Ал эми үйгө жанаша жайгашкан оюн-зоок жайлары, кафе, бар жана…

