Депутат көзү ачыктарды жарнамалоого тыюу салууну сунуштады

Кыргызстанда көзү ачыктарды, сыйкырчыларды жана алар көрсөткөн кызматтарды жарнамалоого тыюу салуу сунушталууда. Тиелешүү мыйзам долбоорун депутат Марлен Маматалиев көтөрүп, коомдук талкууга коюлду. Анда турмушта кыйынчылыкка кабылган жарандар өз маселесин чечүүнүн бир айласы катары көзү ачыктарга кайрылып жаткандыгын белгиленген. «Көзү ачыкмын», «сыйкырчымын» дегендер кайрылгандардын кыйынчылык тартып жатканын билип, «көйгөйүн чечип берем» деп ишендирип, көз боемочулук кылышат….

Кененирээк

ОшМУ Евразиядагы алдыңкы 3 университеттин катарына кошулду

ОшМУ Евразиялык билим берүү мейкиндигиндеги университеттердин рейтингинде (“IAAR Eurasian University Ranking (IAAR EUR) — 2023”) алдыңкы үчтүккө кирди. Бул тууралуу билим берүү жана илим минситрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык аталган рейтинг боюнча биринчиге Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети, экинчиге Россия Федерациясынын Өкмөтүнө караштуу Финансы университети, үчүнчүгө Ош мамлекеттик университети чыкты.Эл аралык рейтингге Казакстан, Нидерландия, Индия, Түркия,…

Кененирээк

Мунапыс мыйзамы менен кимдер абактан чыгат?

Жогорку Кеңеш абакта отургандарга мунапыс берүү мыйзамын кабыл алды. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу тарабынан демилгеленген. Мыйзам долбоорунун негизинде анча оор эмес жана оор кылмыштар үчүн соттолгон тѳмѳнкү адамдарды жазадан бошотуу сунушталат: — 60 жаштан ашкан эркектерди жана ошондой эле 55 жаштан ашкан аялдарды; — ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү I жана II…

Кененирээк

Молдо Нияздын 200 жылдыгы белгиленет

Алгачкы агартуучу, кыргыз жазма адабиятынын көч баштоочуларын бири Молдо Нияздын 200 жылдыгы декабрь айында Кадамжай районунда белгиленет. Бул тууралуу Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы кабарлады. Ага ылайык учурда Көтөрмө айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Кыя айылындагы тарыхый жайга айланып калган үңкүрдү оңдөп түзөө иштери жүрүүдө. Дал ушул жайда Молдо Нияз балдарга таалим берген. Саамалыкка утурлай Молдо Нияздын уулу…

Кененирээк

“Сосновка” жана “Арал” постторунда жүк ташуучу унааларга чектөө кирди

Аба ырайынын кескин начарлашынан улам, Сосновка постунда таңкы саат 04:30дан тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Азыркы тапта Бишкек-Ош унаа жолунда кар жаап, жол тейлөө ишканасы тарабынан жолдун 114-209- жана 209-250-чакырым аралыктары тазаланып, кум себүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, оор жүк ташуучу унааларга…

Кененирээк

Соцфондко акча төлөбөгөндөр пенсия албайт

Социалдык фондго акча төлөбөгөн жарандар, пенсия курагына жеткенде, пенсия берилбейт, анын ордуна жөлөкпул гана төлөнөт. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. «Пенсиялык саясат өзгөрүш керек. Пенсиялык фондго акча которбой жүргөн жарандардын баары жаш курагы боюнча пенсия эмес, мындан ары жөлөкпул алышат. Ал эми карылыгын ойлоп, Соцфондго акча чегерген…

Кененирээк

Ошто борбордук стадиондун отургучтарынын үстү жабылат

Борбордук стадиондогу отургучтардын үстү жабылып, кире беришинде мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн атайын пандус ошондой эле имаратка желдетүү системасы орнотулат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан маалымдашты.Ага ылайык Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ахматбек Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондогу куруу долбоору менен таанышып, жумуштун башталуусуна старт берди. Калаа башчысы шаар тургундары жана спорт сүйүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, отургучтардын…

Кененирээк

Баткенде 52 жаран бизнес идеясына кайтарымсыз грант алышты

Баткенде 52 ишкер 1млн сомго чейин гранттарды алышты. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Үстүбүздөгү жылдын башында башталган Баткен облусунда жергиликтүү бизнес демилгелерди колдоого багытталган  долбоорго  жалпысынан 2 миңден ашык арыз түшкөн.  Жыйынтыгында 52 жаран бизнес идеяларын ишке ашыруу үчүн 1млн сомго чейинки кайтарымсыз гранттарды алышкан. Өзгөчө көңүл аялдарга,…

Кененирээк

Шакиев видеокөзөмөлдү күчөтүүнү сунуштады

Бир ай ичинде өлкөдө жаңы төрөгөн наристесин көчөгө таштап салган 3 окуя катталды. Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев пикирин билдирди. Төрага 22-ноябрда парламенттин жалпы отурумун ачып жатып, мындай окуялардын алдын алуу үчүн коомдук коопсуздукту күчөтүү зарыл экенин белгиледи. «Аялдарга зордук-зомбулук күчөп, жаңы төрөлгөн үч ымыркайдын көчөгө ташталганы жана башка бир топ маселелер болуп…

Кененирээк

Бишкекте үч эм төрөлдү

Бишкектин 33 жаштагы тургуну үч эм, бир кыз жана эки уулду жарык дүйнөгө алып келди. Ымыркайлар кош бойлуулуктун 36-жумасында кесарево жолу менен төрөлүшкөн. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Ымыркайлардын салмагы 3кг 10 грамм, 2кг 345 грамм жана 2 кг 45 гр болгон. Ошондой эле эне менен ымыркайлардын абалы туруктуу.

Кененирээк