Айдоочулардын эсине! Бишкекте дагы эки көчө бир тараптуу болот

Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү эки көчө 6-январдан тарта бир тараптуу болот. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирет. Тактап айтканда, Ж. Турусбеков жана Т. Үмөталиев көчөлөрдүн төмөнкү тилкелеринде бир тараптуу кыймыл уюштурулат: Ж. Турусбеков көчөсү — Москва көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө);Т. Үмөталиев көчөсү — Жибек Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүккө).

Кененирээк

Өлкө аймагында жер титиреди

Кыргызстанда 5-январга караган түнү саат 00:51 де очогу 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.  Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кызыл-Бейит айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Кененирээк