100 үй-бүлөгө бекер кумшекер таратылды

Талас районунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү социалдык жактан колдоо максатында 100 үй-бүлөгө бекер кумшекер таркатылды. Бул тууралуу Талас шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта, Талас райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын тийиштүү кызматкерлери муктаж делген 100 үй-бүлөгө “Альянс Алтын” өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен 1 тонна өлчөмүндө кумшекер тапшырылган. Белгилей кетсек, аталган фонд…

Кененирээк

Өткөн жылы «Кыргызкөмүр» ишканасы 1,3 млн. тонна көмүр казган 

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы 2023-жылы 1 миллион 323 миң тонна көмүр казды. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Негизи өткөн жылы 750 миң тонна көмүр казылуу пландалган. Маалымдагандай, калкты арзан көмүр менен камсыздоо багытында Бишкек шаарында 6 көмүр кампасы негизделсе, республика боюнча ири шаарларда жалпысынан 42 көмүр кампалары ачылган. «Бул көмүр кампаларынын ачылышы элге пайдалуу болду. Көмүрдүн…

Кененирээк

И.Раззаков атындагы КМТУда IT академия ачылды

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде IT академия ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрилиги кабарлады. И. Раззаков Университеттин студенттери “Мобилдик иштеп чыгуу”, “Жасалма интеллект”, “буюмдар интернети” багыттары боюнча билим ала алышат жана Samsung компаниясынын методикасы боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болуп, өздөрүнүн долбоорун иштеп чыгып, өздөрү өндүргөн мобилдик тиркемелерди сынай алышат. Samsung IT академиясы…

Кененирээк

Жогорку соттун судьялары шайланды

Жогорку соттун судьялыгына Элмира Байтикова менен Медербек Сатыев шайланды. Бул тууралуу Жогрку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Талапкерлер тууралуу маалыматты Президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов берди. Анын айтымында, Президент Жогорку сотунун судьялык кызматына шайлоо үчүн Элмира Байтикова, Эркинбек Мамыров жана Медербек Сатыевдин талапкерлигин сунуштаган. Талкуунун жыйынтыгында депутаттар Элмира Байтикова менен…

Кененирээк

Кыргызстандын калкы эң жаш деп табылды

Былтыркы жылдын башына карата Евразиялык экономикалык биримдикке кирген мамлекеттердин ичинен Кыргызстандын калкы эң жаш деп аныкталган. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын «Демография сандар менен. ЕАЭБ статистикасы» деп аталган маалымат жыйнагында айтылат. Кыргызстандыктардын орточо курагы 28 жаш деп табылган ал эми эркектердики 27 аялдардыкы 29 болгон.Кыргызстандан кийин 32 жаш менен Казакстан турат. Арменияда орточо курак деп…

Кененирээк

Ош: жүк ташуучу унаанын ээлери камсыздандыруу каражатын алышты

Ошто жүк ташуучу унааларын камсыздандыргандарга 1 млн 463 миң 571 сом төлөнүп берилди. Бул тууралуу Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Президенттин өкүлүнүн орун басары Зарлык Турганбаев Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун (МКУ) Оштогу филиалынын директору Төрөбек Нариев менен биргеликте кырсыкка учурап, чоң чыгымга дуушар болгон Тынчтыбек Умаралиев жана Абдилаким уулу Абдыладыга каражаттардын сертификаттарын тапшырды. Тынчтыбек Умаралиев…

Кененирээк

Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда рейтингдик мелдешке катышат

Кыргыз Респулбикасынын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Хорватиянын Загреб шаарында өтө турган “ZAGREB OPEN” биринчи рейтингдик мелдешине катышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады. Мелдеш 10- январда башталып, 14-январда жыйынтыкталат. Курама команда башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилиги астында мелдешке чыгышат. Курама команданын тизмеси: — 62 кг Айсулуу Тыныбекова; —…

Кененирээк

Баткенде аялдар үчүн алгачкы жолу спорт комплекси курулду

Баткенде аялдар үчүн заманбап спорт комплекси пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Спорт комплекси Баткен районунун чек арада жайгашкан Самаркандек айылынын Орто-Сай жерине курулган. Бул жай облуста кыз-келиндер үчүн курулган алгачкы спорт комплекси болуп саналат. Максаты жаштардын жана аялдардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу жана спорт менен машыгууларына шарт…

Кененирээк

Жер жана суу боюнча мыйзам бузуулардан 19 млн. сом өндүрүлдү

2023-жылы жер жана суу боюнча мыйзам бузуулардан 19 млн. сом өндүрүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр-жайы министрлигинен билдиришти.Жер жана суу көзөмөлдөө кызматы тарабынан өткөн жылы жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жалпы саны 1 213тү түзгөн.Укук коргоо жана башка мамлекеттик органдары менен биргеликте текшерүүлөрдүн саны 454 болсо, мыйзам бузуулар 1771ге жеткен. Контролдук текшерүүлөрдү жүргүзүүдө…

Кененирээк

Кытайлык компания Бишкек шаарына таштанды ташуучу унаа берди

Кытайдын «Хунань Цзюнсин» компаниясы Бишкек шаарына эки таштанды ташуучу унаа берди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Атайын техника акысыз гранттык негизде берилип, Бишкекке жакын арада келет.Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын мэриясы жана «Хунань Цзюнсин» компаниясы кызматташтык тууралуу алкактык келишимге кол коюшкан. Өз кезегинде катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүү заводун куруунун долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгуу боюнча активдүү…

Кененирээк