Денеде ыйлаакчалар пайда болуп, көгөрөт…ӨКМ сууктан сактануу эрежелерин тизмектеди
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарга сууктан сактануу эрежелеринин топтомун сунуштады. Сууктун күндөрү эң алгач, кан айланууну камсыздоочу кан-тамырларды коргоо үчүн башты жана моюнду жылуу кармоо зарыл. Ызгаарга туруштук берүү үчүн сыртка чыгаарда жакшылап тамактаныңыз. Анткени ачкалык адамдын организминин суукка каршы күрөшүүсүнө тоскоолдук жаратат. Алкоголдук ичимдиктер адамдын суукту сезүү мүмкүнчүлүгүн төмөндөтөт. Ал эми тамеки тартуу кан-тамырлардын ичкерүүсүнө…

