Ч.Айтматовдун бейнесин чагылдырган китеп жарык көрдү

Бишкек шаарында улуу жазуучу Ч.Айтматовдун бейнесин чагылдырган “Адам түбөлүктүүлүгү эстутумда” аталышындагы китептин бет ачары болуп өттү. Иш-чарада Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева сөз сүйлөп, анда “Адам түбөлүктүүлүгү эстутумда” китебинде буга чейин кеңири окурмандар коомчулугуна белгисиз болгон, үй-бүлө мүчөлөрүнө гана белгилүү болгон маалыматтар, жазуучунун чыгармаларынын прототиптери жөнүндө, айрым чыгармалардын жазылыш тарыхы жөнүндө сөз болгондугун айтты. Кыргызпатенттен билдиришкендей,…

Кененирээк

Кыргызстан-Оман беттешин кувейттик калыс тейлейт

Азия Кубогунун эртеңки Кыргызстан — Оман беттешинде калыстар бригадасын кувейттик ФИФА калысы Ахмад Алали жетектейт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан маалымдашты. Башкы калыска каптал сызыктарда анын мекендештери — Абдулхади Аланези жана Ахмад Абас жардам беришет. Адхам Мухаммад (Иордания) резервдик арбитр болуп дайындалган. Белгилей кетсек, Кыргызстан — Оман беттеши 25-январда Доха шаарындагы Абдулах бин Халиф стадионунда…

Кененирээк

Эң көбү Жалал-Абад облусунда. 3 жылдын ичинде 189 мектеп курулду

Акыркы үч жылдын ичинде Кыргызстанда жалпы 189 мектеп курулуп, 43 мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, билим уялары республикалык бюджеттен жана ар кандай фонд, уюм, булактардын эсебинен каржыланган. Мындан сырткары, 4 мектепке кошумча имарат салынып, 9 мектепке кошумча спорт залдар курулду. Министрликтен 2023-жылы эң көп мектеп пайдаланууга…

Кененирээк

Кыргызстан менен Катар биргеликте тасма тартат

Кыргызстан менен Катардын маданияты, тарыхы жана каада-салттары тууралуу тасма тартылат. Мындай макулдашууга эки өлкөнүн маданият министрлери Алтынбек Максутов жана шейх Абдулрахман бен Хамад бин Джассим бин Хамад Аль Танинин эки тараптуу жолугушуусунда жетишилди. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу 23-январда Катардын Доха шаарында өткөн. Анда министрлер маданият тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү жолдорун…

Кененирээк

Зордуктоо боюнча кармалгандарга жаза күчөтүлдү

Зордуктоо боюнча кармалгандарга, оор кылмыш жасагандарга жаза күчөтүлдү. Мыйзамга Президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу Президенттин маалымат кызматы билдирди. Кабыл алынган мыйзам менен төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилүүдө: Оор кылмыштар боюнча анын ичинде зордуктоо иштерин тергөөнү тараптардын жарашуусуна байланыштуу токтотпоо боюнча жоболор камтылган. Тактап айтканда эми тараптардын жарашуусуна байланыштуу жазык ишин милдеттүү түрдө токтотууну караган ченемдер…

Кененирээк