Бишкектин “Красный строитель” конушунда 5 күн газ берилбейт

29-январдан 2-февралга чейин газ болбойт. Бул тууралуу «Бишкекгаз» шаардык газ кызматы кабарлайт. Маалыматка ылайык, бул күндөрү жер астындагы орто басымдагы газ түтүктөрүндөгү газдын чыгышын жоюу боюнча пландуу иштер жүргүзүлөт. Жаратылыш газын берүү төмөнкү көчөлөрдө токтотулат:Сары-Челек көчөсү – Ала-Арча дарыясы – Айланма жолу;Киргизская көчөсү – Логвиненко көчөсү – Курманалиева көчөсү – Зеленая көчөсү – Новая көчөсү…

Кененирээк

Мыйзамсыз ташылып келе жаткан балыктар артка кайтарылды

Орусиядан мыйзамсыз ташылып келе жаткан балык артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, «Ак-Тилек» чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан Орусиядан Кыргызстанга 21 тонна тоңдурулган балык мыйзамсыз жол менен ташылып келе жаткандыгы аныкталган. Тактап айтканда, жүктө ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталган эмес.Инспекторлор тарабынан тиешелүү артка…

Кененирээк

Пекин – Бишкек – Пекин багыты боюнча жаңы каттам ачылды

Пекин – Бишкек – Пекин багыты боюнча жаңы каттам ачылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы маалымдады.Маалыматка ылайык, аталган багыттагы алгачкы учак күн мурун «Манас» эл аралык аэропортунда келип конгон.Жаңы каттам боюнча жүргүнчүлөр жумасына үч жолу – дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү уча алышат.«Манас» эл аралык аэоропортунда Кытайдын Пекин шаарынан учуп келген…

Кененирээк

”24.01.24”. Кооз датада канча түгөй баш кошту?

Кечээ, бул жылдын кооз датасында, тактап айтканда «24.01.24» датасында өлкөдө 184 түгөй никесин расмий каттады. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, борбор калаада 41 түгөй баш кошуп, ал эми Ош шаарындагы Бакыт өргөөсүндө 4 үй-бүлө түптөлгөн. Министрликтин маалыматында, 2023-жылы расмий катталган никенин саны 1 миң 430га көп болуп, 44 миң 776 үй-бүлө куралган….

Кененирээк

128 айыл аймагы жогорку ылдамдыктагы интернетке туташтырылат

Январдын аягына чейин Кыргызстандын төрт облусунун 128 айыл округу оптикалык була кабели менен камсыздалып, жогорку ылдамдыктагы интернетке туташтырылат. Бул тууралуу «Кыргызтелекомдун» басма сөз кызматынан билдиришти. Чүй облусунун Ысык-Ата районунда, Талас облусунун Айтматов районунда, Баткен облусунун Кадамжай жана Баткен райондорунда, Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунда Digital CASA долбоорунун 2-этабы ийгиликтүү аяктады. «Бүгүнкү күндө «Кыргызтелеком»…

Кененирээк

Сууда сүзүү боюнча курама команда Дүйнө чемпионатына катышат

Сууда сүзүү боюнча курама команда Дүйнө чемпионатына катышат, бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Мелдеш, Катардын борбору Доха шаарында 2-18-февраль күндөрү өтөт. Кыргыз Республикасынын сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Денис Петрашов жана Елизавета Печерских катышат. Курама команда башкы машыктыруучу Евгений Петрашовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат. Дүйнө биринчилигине жалпы 76…

Кененирээк

Ош: эки деңгээлдүү өтмөк курууга даярдык башталды

Ош шаарында эки деңгээлдүү өтмөк курууга даярдык башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлады. Эки деңгээлдүү өтмөк А. Шакиров менен Алимжанов көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп, жер астынан-үстүнөн унаалар жана жөө жүргүнчүлөр өтүүгө ылайыкталууда. Ы. Монуев көчөсүн “Кыргыз Көчү” босогосунан А. Масалиев кең көчөсүнө чейинки аралыкты оңдоп-түзөө иштери башталды. Анын алкагында тиешелүү адистер тарабынан учурда…

Кененирээк