Айрым айыл аймактардын аты өзгөрөт

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө» КР Мыйзамына кол койду. Ага ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагын Молдо Нияз айыл аймагы, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Назаралиев айыл аймагын Үч-Коргон айыл аймагы, Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагынын Дөш айылын Тынчтык айылы, Дүкүр…

Кененирээк

Дыйкандар дизелдик отунду арзан баада алса болот

Жазгы талаа иштери үчүн дыйкандар дизелдик отунду материалдык резервдер фондунан 63 сом 50 тыйындан сатып алса болот. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка караганда бүгүнкү күндө республикада солярканын орточо баасы литрине 71 сом 50 тыйындан болууда.Быйыл жазгы талаа иштерине 42,5 миң тонна дизелдик отун талап кылынат.

Кененирээк

Кытайлык компания Бишкекке ири завод курат

Кытайлык компания Бишкек шаарына ири завод курат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. 2023-жылдын ноябрында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев менен Junxin компаниясынын башкы директору калдыктарды өрттөөнүн негизинде электр энергиясын өндүрүү объекти боюнча кызматташуу жөнүндө алкактык макулдашууга кол коюшкан. Бул компания инвестор катары таштандыларды өрттөөчү завод куруу каалоосун билдирген. Учурда долбоордун техникалык-экономикалык…

Кененирээк

Аялдарга ЭКО жасатууга мамлекеттен колдоо көрсөтүү сунушталды

Кыргызстанда ЭКО (ЖАСАЛМА) жол менен уруктандырууну жасаган бир дагы мамлекеттик клиника жок. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева билдирди. Анын айтымында экстракорпоралдык ыкма менен балалуу болуш үчүн көп каражат керек болгонун, көп үй-бүлөөнүн каражаты жетпей ажырашуу көп болуп жатканын кошумчалайт. Ал балалуу болууну эңсеген үй-бүлөлөргө колдоо иретинде мамлекеттик квотаны киргизүүнү сунуштады. “Жеке…

Кененирээк

Элеттик мугалим эңсеген “химиялык лаборатория”

Жалал-Абад облусунун тургуну Бегалы Жонсаидов химия сабагынан мугалим. Бул предмет татаал болгондуктан окуучуларга түшүндүрүү бир топ кыйынчылык жаратат. Ошондуктан сабак балдарга түшүнүктүү болуусу үчүн Бегалы Жонсаидов үй шартындагы буюмдар менен түшүндүрүүнү туура көрөт. Интернет желесине тараган парктикалык сабагында ал сууга мила, пропан газын кошуп андан чыккан кошулманы колдо күйгүзүп көрүп, окуучуларга практика жүзүндө көрүп-үйрөнүүсүнө аракет…

Кененирээк

Кыргыз басмаканалары эл аралык сынакта жеңүүчү аталды

Кыргыз басмаканалары Москвада өткөн эл аралык сынакта жеңүүчү аталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маалымдады. Кыргызстандан катышкан басмаканалардын ичинен “Евразия элдеринин айтуучулары» аттуу китеби үчүн «Турар» басмасы “Диалог культур” номинациясы боюнча I даражадагы диплом, “Аңгемелер, КМШ өлкөлөрүнүн азыркы адабиятынын антологиясы” китеби үчүн “Улуу Тоолор” басмасы “Шериктештик” номинациясы боюнча I даражадагы диплом…

Кененирээк