Боор оорусунун өнүгүүсүн жайлатат. Диетолог какаонун пайдасына токтолду

Какао антиоксиданттарга бай, бул бизди карылыктан коргойт. Ошондой эле инфарктты жана инсульттун алдын алууга жардам берет. Бул тууралуу диетолог Татьяна Залетова билдиргенин “Известия” басылмасы жазды. Адистин айтымында, жүрөк жана кан тамыр оорулары өнүккөн өлкөлөрдө өлүмдүн негизги себеби болуп саналат. Антиоксиданттарды камтыган башка азыктар сыяктуу эле, какао да бул ооруларды алдын алат. Азыктын курамында эс тутумду…

Кененирээк

Бишкек-Ош унаа жолу убактылуу жабылды

Бишкек-Ош унаа жолуна (Төө-Ашуу) кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Мындан улам, Сосновка постунан унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Көчкү болжол менен бүгүн, 15-январда түшкү саат 13:50 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 127,5-чакырымына түшкөн. Кар көчкүнүн көлөмү болжол менен 4000 м3 түзөт. Азыркы тапта Транспорт жана…

Кененирээк

Кыргызстанда орточо айлык акы 32 миң 142 сомду түздү

Кыргызстанда орточо айлык акы 32 миң 142 сомду түздү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдирди. Айтымында, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү 20,6%ды түзгөн.Ал белгилегендей, айлык акылардын өсүүсү мамлекеттик башкаруу, коргоо, социалдык камсыздоо, суу менен камсыздоо жана тазалоо чөйрөсүндө, ошондой эле кыймылсыз мүлктү алуу-сатуу, дүң жана чекене сатуу, унааларды жана…

Кененирээк

Президент: сыйлык темасын кескин кыскартабыз

Быйыл Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгын белгилүүгө байланыштуу 100гө жакын кишиге сыйлык тапшырылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген кезектеги маегинде билдирди. Президент агенттиктин мамлекеттик сыйлыктарга байланыштуу узатылган суроосуна жооп берип жатып, мурда сыйлыктар сатылып келгени эч кимге жашыруун эместигин айтты. «Кечээ эле жаңы чыгармачылыгын баштаган жапжаш жарандарыбыз эң жогорку сыйлыктарды алышчу. Тээ…

Кененирээк

Кыргызстандык мугалимдер IMPACT олимпиадасында алдыңкы орундарга ээ болушту

Кыргызстандык 4 мугалим Эл аралык Жаутыков олимпиадасы менен катар өткөрүлгөн IMPACT так илимдер боюнча математика, физика жана информатика мугалимдеринин жана машыктыруучулардын олимпиадасында 1 алтын, 2 күмүш жана 2 коло медалга ээ болушту. Мугалимдердин арасынан медалга ээ болгон окутуучулар: • Худайберди Гурдов, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси – физика предмети боюнча алтын медаль; • Машыктыруучулардын…

Кененирээк

ӨКМ: тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады. Ага ылайык, 15-январда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда, Чычкан капчыгайынын Ала-Бел ашуусунда, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун Чапчыма ашуусу жана Красная-Горка-Акташ унаа жолунун 0-2-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак…

Кененирээк

Бишкекте коомдук унаалардын жол акысы убактылуу көтөрүлбөйт

Бишкекте коомдук унаалардагы жол акысы убактылуу көтөрүлбөйт. Бул тууралуу мэриянын Транспорт департаментинен билдиришти. Маалыматта , жыл башындагы эс алуу күндөрүнө байланыштуу жол кирени көтөрүү тууралуу токтом долбоорун бекитүү иштери кечеңдеп калган. Мындан улам коомдук унаалардын жол киреси убактылуу эски боюнча калат. Мэриянын айтымында, документтерди тариздегенче кеминде 15 күн талап кылынат. Эскерте кетсек, 2023-жылдын аягында борбор…

Кененирээк