Жол эрежесин бузган айдоочу тууралуу билдирген жарандарга сый акы берүү сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев жол кыймылынын эрежелерин бузууларды аныктоого көмөк көрсөткөн жактарга финансылык жактан сыйлык берүүнү сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоорунда эрежелерди бузган учурда жерлерден сүрөт, видео материалдарды тиешелүү мекемеге жөнөтүү аркылуу укук бузууларды аныктоого көмөк көрсөткөн жактарды материалдык жактан сыйлоо сунушталат. Жол кыймылынын эрежелерин бузганы үчүн айыппул төлөнгөн учурда…

Кененирээк

ӨКМге жаңы техникалар тапшырылды

Бишкекте Өзгөчө кырдаалдар министрлигине техникалар тапшырылды. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, аземге Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев катышты. «Бүгүнкү күндө мамлекеттин колдоосу менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигине заманбап атайын техникаларды өткөрүп берип жатабыз. Мен бир кезде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде иштегем жана ошол кездеги министрликтин техникалык жабдыктарын жакындан билген, көргөн адам катары…

Кененирээк

Бишкекте эртеңден тарта №145, №169 автобустар ишке кирет

Бишкек шаарында, 1-февралдан тарта №145 жана №169 жаңы автобус каттамдары ишке кирет.Муниципалитеттен билдиришкендей, буга чейин бул каттамдарда маршруткалар иштеп келген. Эми анын ордуна ушундай номерлүү автобустар жүрө баштайт. Аларды «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» тейлейт.№145 автобус Көк-Жар конушунан Маевка айылына чейин каттайт. Узундугу 33 чакырым, автобустардын аралыгы 6-8 мүнөт. Бул линияга 14 автобус чыгат.№169 автобус Ак-Ордо…

Кененирээк

Жыл башынан бери 41 айыл чарба техникасы лизингге берилди

2024-жылдын 8-январынан 30-январына чейин 593 млн сомго 41 даана техника дыйкандарга лизинг жолу аркылуу берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө «Айыл Банк» ААК айылдык товар өндүрүүчүлөргө лизингге дан эгиндерин оруп жыйноочу комбайндар, ар түрдүү үлгүдөгү тракторлор жана башка айыл чарба шаймандары жеңилдетилген шарттарда…

Кененирээк

“Сынган кылыч” романы сериал болуп тартылат

Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романынын негизинде сериал тартылат. Бул тууралуу тарыхчы Кыяс Молдокасымов билдирди. Анын айтымында, каражат маселеси чечилип, алгачкы этабында эле 200 миллион сом бөлүнөт.Тарыхчынын пикиринде, романдын маңызын бир көркөм тасмага камтуу мүмкүн эмес болгондуктан беш серия тартылат. Белгилей кетсек, тарыхый романдын негизинде тасма тартуу Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата сунушталган.

Кененирээк

Айлык кирешеси кырк миң сом… “Соцконтракт” программасы 18 миң жумуш орун түздү

«Социалдык контракт» программасына катышкандардын дээрлик 30% га жакыны айына 40 миң сомго чейин айлык ала башташты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин аз камсыз болгон үй-бүлөлөр мамлекет менен социалдык контракт түзүшкөн.«Социалдык контракт» программасы Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун демилгеси менен 2022-жылдан тартып ишке ашырылууда жана муктаж үй-бүлөлөргө мамлекеттин…

Кененирээк