Пенсиялык күбөлүк “Түндүк” мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү болду
Кыргызстанда пенсионерлердин пенсиялык күбөлүгү “Түндүк” мобилдик тиркемесинде электрондук колдонуу үчүн жеткиликтүү болду. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ал кагаз түрүндөгү документ менен бирдей юридикалык күчкө ээ жана санарип документти мамлекеттик органдарга көрсөтүү талап кылынган бардык учурларда колдонсо болот. Бул бардык керектүү документтерди смартфонуңузда кармоого мүмкүндүк берет. Санариптик документти колдонуу үчүн жаран төмөнкү…

