Тик учак кырсыгынан каза болгон аскердин сөөгү жерге берилди
Бишкектеги Достук кичирайонуна жакын “Фрунзе-1” авиабазасында тик учак кырсыгынан каза болгон экипаждын командири, 30 жаштагы капитан Жайыл Самудиновдун сөөгү жерге берилди. Учкуч менен коштошуу зыйнаты бүгүн Ак-Өргө конушунда өтүп, ага Коргоо министрлигинин өкүлдөрү, кесиптештери, туугандары жана достору катышты. Жайыл Самудинов 1994-жылы Бишкекте туулган. Үй-бүлөдө үч бир туугандын улуусу болгон. Жакындарынын айтымына караганда, ал быйыл жазында…

