Баланын эрте өнүгүүсүнө шарт түзгөн каражат
Кыргызстанда баланын эрте өнүгүүсүн баалоо каражаты иштелип чыкты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматына ылайык, баланын эрте өнүгүүсүн баалоо каражаты – ар бир баланын өнүгүү процессин комплекстүү өлчөө инструменти. Ал баланын бакчага келген учурунан тартып, андан кеткенге чейинки иш-аракеттерине күн сайын байкоо жүргүзүүнүн негизинде түзүлөт. Педагогдор бала бакчадагы тайпалардын ичинде жана…

