Кызамыкка каршы эмдөөдөн баш тарткандардын жоопкерчилиги күчөтүлөт

Кызамыкка каршы эмдөөдөн баш тарткандардын жоопкерчилиги күчөтүлөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен кеңешме учурунда маалымдады. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, быйыл 17-апрелге карата кызамыктын 8209 учуру катталды. Анын 37,5 пайызын ата-энеси эмдөөдөн баш тарткан балдар түздү. Эске салсак, Республика боюнча 2023-жылы паротит жана…

Кененирээк

Эми нотариалдык кызматтар ишемби күнү да иштейт

Бүгүнтөн баштап Кыргызстанда мамлекеттик нотариустар ишемби күндөрү да иштеп баштайт. Юстиция министрлигинен билдиришкендей, бул мүлктү легалдаштырууну каалагандардын көптүгү менен байланыштуу. Мындан тышкары, стандарттуу нотариалдык аракеттерди жасоо, анын ичинде мурастык иштерди каттоо үчүн жарандар жеке нотариустарга кайрыла алышат. Эске салсак, 9-июнга чейин мүлктөрдү ыктыярдуу түрдө легалдаштырууга болот.

Кененирээк

Кыргызстанга Германиядан 17 автобус келди

Кыргызстанга Германиядан 17 автобус келди. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында транспорт үч эшиктүү жана жүргүнчү ташууга ылайыкталган. «Автобустар грант түрүндө, башкача айтканда, акысыз негизде берилди», — деди Алагөзов.

Кененирээк