Алайдагы памирлик кыргыздар атайын кесиптерге окутулат
Үстүбүздөгү жылдын 8-апрелинен тарта Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылындагы №67 кесиптик лицейде памирлик кыргыздар электр газ ширетүүчү, айдоочулук, тигүүчүлүк кесиптери боюнча окутула баштайт. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, 4-апрелде аталган кесиптик лицейдин администрациясы жана өндүрүштүк окутуунун устаттары Афганистандан көчүрүлүп келген памирлик кыргыздар менен жолугушуу өткөрүп, лицейде окуй тургандардын тизмесин түздү. Лицейдин администрациясы…

