С.Жапаров: “мекенчил”эмес, ким болсо да жоопко тартылат

Коррупцияга аралашса “мекенчил” эмес, ким болсо да жоопко тартылат . Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров кабар агенттиги тарабынан берилген суроого жооп берип жатып билдирди. Маалым болгондой Бишкекте милиция кызматкерлери тарабынан бейбаштык кылган топ кармалып, шектүү делген алты кишинин сүрөтү жарыяланган. Интернет желесинде кармалгандардын жоон тобу «Мекенчил» партиясынын өкүлдөрү экендиги айтылып, алардын камакка алынышы социалдык тармакта…

Кененирээк

С.Жапаров Казакстанга расмий сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров 18-19-апрель күндөрү Казакстанга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев билдирди. Анын айтымында, визиттин алкагында эки өлкөнүн мамлекет башчылары Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин жыйынын өткөрүшөт. Анда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланат. Андан тышкары, Садыр Жапаров Астанада Кыргыз кино күндөрүнүн ачылышына жана пландалган бир катар иш-чараларга катышат.

Кененирээк

Битир садаканы орозо айтка чейин берүү керек

Кыргызстанда 10-апрелде Орозо айт белгиленет. Ага чейин Орозо айындагы битир-садаканы берүү керек. Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы быйыл битир-садака киши башына 50сомдон 850 сомго чейин туура келет деп бекиткен. Азык-түлүктүн баасы туруксуз болгондуктан алардын салмагына басым жасоо керек. Эске салсак, Муфтият Орозо айында чогулган акчанын эсебинен жардамга муктаж жарандарга каражат таратып берет.

Кененирээк