Түрк бийлиги мигранттарды каттоо боюнча жаңы эреже киргизди

Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу тараткан маалыматка караганда, 15-апрелден тарта Түркиянын миграция кызматы туруктуу жашоого уруксатын узартууну каалаган чет өлкөлүктөрдөн кошумча документ талап кылат. Жаңы эрежеге ылайык, эми мигранттар Улуттук электрондук билдирүү системасында дарегин жана өзү тууралуу толук маалыматтарды билдирүүгө милдеттүү. Соңку айларда түрк полициясы мыйзамсыз жүргөн чет элдиктерди тыкыр текшерип жатканын кабарлап келет. Ички иштер…

Кененирээк

Бала бакчадагы тамак-аш төлөмү мурдагы боюнча калды

Депутаттар бала бакчалардагы тамак-ашты ата-энелер гана төлөгөн норманы алып салды. Демилгени депутат Элвира Сурабалдиева баштаган бир нече депутат иштеп чыккан. «Билим берүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоору Жогорку Кеңештин 11-апрелдеги жыйынында үчүнчү окууда кабыл алынды. Баяндама жасаган Социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымынын орун басары Аида Исатбек кызы мыйзам долбоорунун максаты мектепке чейинки билим берүү боюнча…

Кененирээк

Орусияда КР айдоочулук күбөлүгүнө тыюу салуу долбоору алып салынат

ЖК депутаттары россиялык кесиптештерин КР айдоочулук күбөлүгүнө тыюу салуу долбоорун алып салууга көндүрдү. Бул тууралуу ЖК депутаты Марлен Маматалиев билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын парламенттик делегациясы Москвада Мамдуманын фракцияларынын мүчөлөрү менен бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, долбоор комитеттердин кароосуна берилгенге чейин кайра чакыртып алынышы үчүн өз жүйөлөрүн келтирген. Маматалиев кошумчалагандай, КР Ички иштер министрлигинин жетекчилигине Жогорку Кеңеш…

Кененирээк

Бишкекте унаа токтотуучу жайлар электрондошот, ал үчүн тендер жарыяланды

«Муниципалдык унаа токтоочу жайлар, унаа туруктары жана базарлар» муниципалдык ишканасы Бишкек шаарынын аймагында электрондук унаа токтотуучу жайларга тендер жарыялайт. Жарыя tenders.kg сайтында жарыяланды. Бардык кызыкдар жеткирүүчүлөр кызматтарды сатып алуу, шаардык унаа токтотуучу жайларды автоматташтыруу жана Бишкектин жол кыймылын оптималдаштыруу боюнча иш алып баруу үчүн конкурстук арыз берише алат. Жеткирүүчүлөрдүн сунуштары 2024-жылдын 29-апрелинде саат 09:00гө чейин…

Кененирээк

Кыргызстандыктар үчүн Меккеде акысыз жатакана ачылат

Меккеде кыргызстандыктар үчүн бекер жатакана ачылат, деп билдирди президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков. Анда окуу үчүн барган кыргызстандык студенттер жана зыяратчылар жашайт. Жатакана ачуу чечимин президент Садыр Жапаров дагы колдоого алган. Бүгүнкү күндө имарат бөлүндү.

Кененирээк

Оштогу Папан суу сактагычына чакан ГЭС курулат

Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан Папан суу сактагычына чакан ГЭС курулат. Тиешелүү макулдашууга кытай тарап менен кол коюлганын Энергетика министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, гидроэлектростанция 20-25 МВттык болот. Инвестициялык долбоордун суммасы 27 миллион долларды түзөт.

Кененирээк