Май айында кыргызстандыктар беш күн катары менен эс алышат

Май айында кыргызстандыктар беш күн катары менен эс алышат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги май айындагы дем алыш күндөрүн белгиледи. Ага ылайык, үч майрам бар: 1-май — Эмгек майрамы, 5-май — Конституция күнү, 9-май — Жеңиш күнү. Жумасына беш күн иштеген мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери үчүн 1-майдан 5-майга чейин чейин эс алуу болот….

Кененирээк

Бишкек-Ош жолунун 426-чакырымы бир тараптуу жабылды

Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашууда кар жаап, учурда жол тазаланып жатканы кабарланды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлашты. Мындан тышкары, Бишкек-Ош жолунун 426-чакырымында тоо боорунан таш түшүп, жол бир тараптуу жабылды. Жеринде тиешелүү техникалар иштеп жатат. Базар-Коргон-Арстанбап жана Кара-Жыгач-Сары-Челек жолунда сел жүрүп, тазалоо, калыбына келтирүү жумуштары жүрүүдө. Ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочулар жанына керектүү шаймандарды…

Кененирээк

Үй алууну каалагандарга шарттар жеңилдеди

Кыргызстанда мамлекеттик ипотеканы берүү процедурасы жеңилдетилди. Министрлер кабинетинин “Менин үйүм” программасынын алкагында “Үлүштүү курулуш” механизмин киргизүү жөнүндө токтому күчүнө кирди. Ага ылайык, Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу үй сатып алууда эмгек стажы, киреше жана кредиттик тарых текшерилбейт. Аталган уюмдан билдиришкендей, “Үлүштүү курулуш” механизми республиканын бардык жарандарына жеткиликтүү, анын ичинде чет мамлекеттерде иштеген кыргызстандыктарга дагы.

Кененирээк

Акжол Махмудов күмүш байге утту

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов () Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында күмүш байге утту.Махмудов таймашты чейрек финалдан баштап, биринчи беттешинде казакстандык балбанды уткан. Андан кийин ирандык спортчуну жеңген.Алтын үчүн Махмудов япониялык Нао Кусака менен 77 кгда күрөшүп, 2:4 эсебинде жеңилди. Натыйжада ал Азия чемпионатынын күмүш байгесине ээ болду.Эскерте кетсек, буга чейин Махмудов Азия чемпионатында…

Кененирээк

Быйылкы мотосезондун ачылышында заманбап аранжировка менен Манас айтылат

Бишкекте 300 байкер заманбап аранжировкадагы Манас айтуунун коштоосунда шаар кыдырат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара 27-апрелде борбордук «Ала-Тоо» аянтында саат 15.00дөн 16.30га чейин болуп өтөт. “Ала-Тоо” борбордук аянтында “Билим Айтыш” долбоорунун жаш манасчылары Манастан баян айтып, салтанатты ачып берет. «Кыргызстанда 2024 мотосезонунун ачылышы “Айкөл Манас! Күч бирдикте” урааны астында өтөт. Кызыктуу этно оюндар,…

Кененирээк

Мектеп директорлугуна 147 талапкер тесттен өттү

Билим берүү жана илим министрлиги жарыялаган мектеп директорлорунун бош орундары үчүн сынакка 490 талапкер документ тапшырган. Документтердин текшерүүсүнөн кийин тестирлөөгө 284 адам катышкан. Министрлик 15-апрелде тараткан маалыматка ылайык, алардын ичинен 147 талапкер 60 упайдан жогору алып, тесттен ийгиликтүү өтүштү. Ошол эле маалда бир эле адам мектепти 5 жылдык мөөнөт менен эки жолудан ашык (10 жыл)…

Кененирээк