Бишкекте уникалдуу футболдук стадиондун курулушу башталды

Бишкекте курулуп жаткан жаңы футбол аянтчасынын курулуш иштери башталды. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасында жазды.“Бул стадион Борбор Азиядагы 45 миң көрүүчүгө ылайыкталган эң чоң футбол стадиону болот. Ал 2 жылдан кийин ачылат. Учурда 22 архитектор иштеп жатат, алардын жарымынан көбү Түркиядан келген адистер. Мындан тышкары, башка жаатта иш алып барган адистердин да бир…

Кененирээк

Селден жабыркагандарга жардам көрсөтүлөт

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен акыркы бир нече күндөн бери селден жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ага ылайык, селдин жүрүшүнөн келтирилген зыяндын көлөмү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) тарабынан такталып чыккандан кийин, жабыркаган жарандарга тийиштүү жардам берилет. Басма сөз катчынын постунда селден улам айрым кооптуу…

Кененирээк

Коргонбай уулу мандатынан ажыратылды

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотту. Мындай чечим БШКнын 23-апрелдеги жыйынында кабыл алынды. Жусупбек Коргонбай уулу 22-апрелде мандатын тапшыруу боюнча арыз жазганы белгилүү болгон.Жусупбек Коргонбай уулу №5 Ноокат бир мандаттуу округунан шайланып келген. Ал парламенттин 14-марттагы жыйынында Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар…

Кененирээк

Төрага Шакиевдин Монголияга иш сапары башталды

Бүгүн, 23-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Монголия мамлекетиндеги расмий сапары башталды. Төраганы Улан-Батор шаарындагы «Чыңгыз хан» аба майданынан Монголия мамлекетинин Улуу Мамлекеттик Хуралынын орун басары тосуп алды. Андан соң расмий делегация Монголиянын Мамлекеттик сарайына бет алды. Эскерте кетсек, төрага Нурланбек Шакиевди депутаттар Улан Бакасов, Надира Нарматова, Чыңгыз Ажибаев, Эрулан Кокулов, Айсаракан Абдибаева, Нурбек Алимбеков,…

Кененирээк

Ошто селдин кесепеттерин жоюу аракети күчөтүлдү

Ош облусунда сел кесепеттерин жоюуга 500дөн ашуун адам, 80ден ашык техника тартылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен эске салышкандай, аймакта 20-21-апрелде нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүргөн. Анын кесепетинен 1 адам каза болуп, үйлөрдү суу каптап, унаа жолдор жабылган. Облуста өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Кененирээк

Тамактануучу жайлардагы санитардык көзөмөл күчөтүлөт

Кыргызстанда коомдук тамактануучу жайлардагы санитардык талаптарды көзөмөлдөө күчөтүлөт. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, Бишкектеги ресторандардын биринде жарандардын жапырт ууланганына байланыштуу тиешелүү мамлекеттик органдар менен кеңешме өттү. Анда тамак-аш коопсуздугунун эрежелерин бузгандыгы үчүн айыптын өлчөмүн жогорулатуу сунушталды. Экономика министрлигине жеке коомдук тамактануу жайларына электрондук эсеп-фактураларды колдонуу, сертификаты бар гана азыктарды сатып алуу, ашканаларда байкоочу камераларды милдеттүү түрдө орнотуу…

Кененирээк