Бишкектин сегиз көчөсүдө 5 күн газ болбойт

Бишкектин батыш тарабында 5 күн газ болбойт. Бул тууралуу «Бишкекгаз» кызматы билдирди.Маалыматка ылайык, Бакаев көчөсүндө жол оңдоо иштерине байланыштуу 15-апрелден 19-апрелге чейин төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт:Васильевский трактФучик көчөсүПрофсоюзная көчөсүДен Сяопина көчөсүПатрис Лумумба көчөсүЛев Толстой көчөсү Матыев көчөсүАла-Арча көчөлөрүндө өчүрүлөт.

Кененирээк

АКШда биринчи жолу Кыргызстандын этномаданий көргөзмөсү ачылды

Чикагодо Кыргызстандын АКШдагы биринчи этномаданий көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.Көргөзмөгө кыргыздын маданиятынын жана тарыхынын көп түрдүүлүгүн чагылдырган түрдүү экспонаттар коюлган.Бул иш-чара Кыргызстандын маданияты менен каада-салттарынын чыныгы майрамына айланып, АКШдагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн да, бардык маданият жана искусство сүйүүчүлөрүнүн да көңүлүн бурду.Иш-чара Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугунун колдоосу менен «Kyrgyz Community Center» кыргыз…

Кененирээк

Кызамык менен ооругандардын саны 8 миңге чукулдады

Кыргызстанда кызамык менен ооругандардын саны акыркы маалыматтар боюнча, 7 миң 864 учурга жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактикалык борборунан кабарлашты. Анын ичинде, Бишкек шаары боюнча 2 599, Ош шаарында 464, Ош облусунда 1 226, Баткен облусунда 214, Чүй облусунда 1 836, Жалал-Абад облусунда 1 196, Ысык-Көл облусунда 130, Талас облусунда 105 жана Нарын…

Кененирээк

Президент бүгүн бир күндүк иш сапары менен Жалал-Абадка келет

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде, бир күндүк иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Анын айтымына караганда, мамлекет башчысы бир катар социалдык объектилердин ачылыш аземине катышат, ошондой эле Мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулушунун жүрүшү менен таанышат.

Кененирээк

Кыргызстанда 29 миңге жакын бала 1-класска электрондук каттоодон өттү

Кыргызстанда 28 миң 936 бала 1-класска электрондук каттоодон өттү. Бул тууралуу санариптик трансформация бөлүмүнүн 11-апрелге карата берген маалыматына таянып Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Анын ичинен облустар жана шаарлар боюнча катталуу төмөнкүдөй болду: Ысык- Көл облусу: 2928 (жалпы квота – 13 миң 821)Жалал-Абад облусу: 5133 (жалпы квота – 34 миң 778)Нарын облусу: 2109 (жалпы…

Кененирээк