Президент Жапаров Зулушев менен Тургунбаевге сөгүш жарыялады

Президент Садыр Жапаров башкы прокурор Курманкул Зулушев менен Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаевге сөгүш берди. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Маалыматка ылайык, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев президенттин администрациясына кызматтык кат жолдоп, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы Лицензиялоо боюнча комиссиянын ишмердигине прокуратуранын айрым кызматкерлери кийлигишип жатканын жазган. Президенттин тапшырмасы…

Кененирээк

Билим берүүгө тармагына лицензия берүү электрондук негизде жүргүзүлөт

Кыргызстанда 1-майдан тарта билим берүү ишмердүүлүгүнө лицензия алуу үчүн арыздар электрондук түрдө кабыл алынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. Арыздар лицензиялоону жана аккредитациялоону башкаруунун автоматташтырылган системасы аркылуу гана жиберилиши керек. Арыз ээсине административдик иштин аткаруучусу менен жолугуунун кажети жок болгондуктан, коррупциялык тобокелдиктер жоюлат. Жайгашкан жери өзгөргөн учурда билим берүү уюму бул тууралуу…

Кененирээк

Кыргызстанда сел коркунучу жогору бойдон калууда

Кыргызстанда сел кооптуулугу дагы деле бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө 26-апрелге чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Селдин, суу каптоонун алдын алуу үчүн арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү ар кандай таштандылардан тазалоо сунушталат.

Кененирээк

Президент Садыр Жапаров Азербайжанга мамлекеттик иш сапары менен жөнөп кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-апрелде, мамлекеттик сапар менен Азербайжанга жөнөп кетти. 24-25-апрелде боло турган сапардын алкагында мамлекет башчысы Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле мындан ары өнүктүрүүнүн жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү куруунун келечегин талкуулайт. Ошондой эле Мамлекеттер аралык кеңештин экинчи жыйынын…

Кененирээк

Мас абалда унаа башкарган 10миң адам айдоочулук күбөлүгүнөн ажырады

Кыргызстанда мас абалында рулга отурган 10 миңден ашуун айдоочу күбөлүгүнөн ажырады. Бул тууралуу “Унаа” мамлекеттик мекемесинен маалым болду. Ага ылайык, өткөн жылдын март айынан бери 10 миң 163 айдоочу ичимдик ичип унаа башкарганы үчүн бир жыл бою рулга отуруу укугунан ажыратылган. Эске салсак, өлкөдө 2023-жылдын 8-мартынан тарта айрым жол эрежесин бузгандарга жаза күчөтүлгөн.

Кененирээк