Кыргызстанда 3 жылдын ичинде курулуштун көлдөмү жогорку темпке жетти

Кыргызстанда 3 жылдын ичинде курулуштун көлөмү жогорку деңгээлге жетти. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин 4-апрелдеги жыйынынын жүрүшүндө. Анын айтымына караганда, айрыкча социалдык объектилерди куруу колго алынды. «Акыркы 3 жылдын ичинде 315 мектеп, 69 бала бакча, 28 саламаттык сактоо объектилери курулду, ошондой эле 125 айылдын таза суу маселеси чечилди», — деди ал….

Кененирээк

Жол тыгынын жою үчүн мектептер саат 7 де башталуусу ыктымал

Бишкекте жол тыгын маселесин чечүүнүн жолу катары мектептердин ишин саат 7де, кээ бир мекемелердикин саат 10до баштоо сунушталууда. Бул тууралуу парламенттин жыйынында өкмөт башчы Акылбек Жапаров билдирди. Жапаров билдиргендей, тыгын маселесин чечүүнүн алкагында шаар бийлиги Бишкектин ортосунан өткөн темир жол аркылуу 8 өтмөк салууну пландоодо. Ошондой эле шаарда күндүз жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө тыюу салынды….

Кененирээк

Бүгүн жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо аяктайт

Бүгүн жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо аяктайт. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, абитуриенттер 4-апрелге чейин окуган жеринде, ал эми мурунку жылдардагы бүтүрүүчүлөр жашаган жери боюнча райондук же шаардык билим берүү бөлүмүндө каттоодон өтүшү керек. Негизги жана ар бир предметтик тест үчүн төлөм 470 сомду түзөт. Сынактын өзү 17-майдан 24-майга чейин өтөт.

Кененирээк

Ата-энесинен эрте ажыраган балдарга өкмөттөн 500 миң сомдон берилет

Ата-энесинен эрте ажыраган балдарга өкмөттөн 500 миң сомдон берилет. Алар үчүн 270 миллион сом банктарга депозитке жөнөтүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдиргендигин президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков маалымдады. Министрлер кабинетинин башчысы мамлекет аз камсыз жакыр үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон берип баштагандыгын айткан. «Өткөн эки жылда 12 миң 800 үй-бүлө…

Кененирээк

Улан Примов ЖКнын бир катар депутаттарына сыйлык тапшырды

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын «ЖККУда парламенттик кызматташтыкты чыңдоо үчүн» медалы менен сыйланышты. Ошондой эле, уюмда жигердүү ишмердүүлүгү жана парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн эл өкүлдөрүнө ЖККУ ПАнын Ардак грамотасы тапшырылды. Сыйлыктарды, эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетикомитеттин төрагасы Улан Примов тапшырып, парламенттеги эл…

Кененирээк