Кыргызстандык окуучулары 7 медаль утуп алышты

Кыргызстандык окуучулар TASIMO Ташкент эл аралык математикалык олимпиадасында жалпы 7 медаль жеңип алышты. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен төртөө күмүш, үчөө коло медалга ээ болушту. Олимпиадага кыргызстандык окуучуларды математика мугалими Мамат Ишматов даярдаган. Эске салсак, 17-20-майда TASIMO Ташкент эл аралык I математикалык олимпиадасына 10 өлкөдөн 300дөн ашуун окуучу катышты.

Кененирээк

Президент С Жапаров чек аракызматынын түзүлгөн күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда чек арачыларды Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракеси менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат: “Урматтуу чек арачылар жана чек ара кызматынын ардагерлери! Сиздерди бүгүнкү Чек арачылар күнү жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктаймын! Сиздер…

Кененирээк