25-майда төрт миңден ашык милиция кызматкери коопсуздукту камсыздайт

Акыркы коңгуроо салтанатында мектеп окуучуларынын коопсуздугун төрт миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Мекеме ошондой эле ата-энелерди балдарынын коопсуздугун көзөмөлгө алып, бүтүрүүчүлөргө унаа башкартпоого чакырды. Эске салсак, мектептерде Акыркы коңгуроо 25-майда кагылат. Быйыл 11-классты 73 миң окуучу аяктайт.

Кененирээк

Таласта аэропорт ишке берилип, ачылышына Садыр Жапаров катышты

Президент Садыр Жапаров Талас шаарындагы реконструкцияланган аэропортту салтанаттуу ачты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти. Мамлекет башчы «Талас» аэропорту жөн гана инфраструктуралык жетишкендик эмес, өлкөнүн өсүп-өнүгүүгө болгон умтулуусунун белгиси экенин айтты. Аба майдан саатына 100 жүргүнчү тейлейт. Ошондой эле өлкө башчы аймактардагы аэропортторду пайдаланууга берүүгө аракеттер көрүлүп жатканын белгилеп, «Манас» аэропорту муктаждыкты жабуу үчүн…

Кененирээк

Месопотамия Экспресс: Түркиянын жаңы жана популярдуу туристтик поезд маршруту

Түркиянын укмуштуудай кооздугун поезд менен изилдегиңиз келеби? Анда бул саякат үчүн, жаратылыш ойгонуп, Түркиянын ар бир бурчун укмуштуудай пейзажга айланткан жаз айлары өтө ыңгайлуу жана идеалдуу. Месопотамия Экспресс- Түркиянын эң жаңы туристтик поезд линияларынын бири, туристтерге эсте каларлык тажрыйбаларды алууга мүмкүнчүлүк берет. Түркиянын борбор шаары Анкарадан башталып, түштүк-чыгыштын жүрөгү Диярбакырда аяктаган Месопотамия экспресси, 1051 километрлик…

Кененирээк

Кант шаарына таштандыны кайра иштетүүгө инвестиция тартылды

Кант шаарына таштандыларды кайра иштетүүгө инвестиция тартылды. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Кант шаардык мэриясы менен “Таза Био Сервис” ЖЧКнын ортосунда “Калдыктарды сорттоо пунктун түзүү жана катуу тиричилик калдыктарынын жалпы массасынан пайдалуу функцияларды бөлүп алуу үчүн таштандыларды автоматтык түрдө сорттоочу линияны ишке ашыруу, андан ары экинчи зат катары пайдалануу жана жер…

Кененирээк