3 жылда Сирия, Ирактан 517 кыргызстандык кайтарылды

2021-жылдан бери Сирия жана Ирактан Кыргызстандын 517 жашы жете элек жарандары жана балдары мекенине кайтарылды. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Жыпариса Рысбекова Ташкент шаарында өткөн Борбор Азияда кайтып келгендерди реабилитациялоо жана реинтеграциялоо маселелери боюнча аймактык эксперттик кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, Сирия жана Ирактан келген жарандарды мекенине кайтаруу президент…

Кененирээк

ТҮРКСОЙ уюму Чыңгыз Айтматовдун айкелин тургузууга көмөктөшкөн кыргызстандыкты сыйлады

Түркиянын Анталья шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигин орнотконго көмөктөшкөн кыргызстандык Венера Кожоева ТҮРКСОЙ уюмунун сыйлыгы менен сыйланды. Бул тууралуу сыйлык ээси “Кабар” агенттигине билдирген. Анын айтымында, сыйлыкты ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев тапшырды. “ТҮРКСОЙдун сыйлыгын алганыма кубанычтамын. Чынын айтканда кыргыздын кызы катары Антальяда улуу жазуучубуздун эстелигин каржылап, орнотууга салым кошконума кубанам. Кадамжай районундагы…

Кененирээк

Президент Малайзиянын премьер-министри менен расмий жолукту

Бүгүн, 15-майда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин өлкөгө болгон расмий сапарынын алкагында сүйлөшүүлөрү болду. Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын жана келечегин, өз ара кызыкчылык жараткан бардык чөйрөлөрдө өнүктүрүү жана өз ара аракеттенүү боюнча чараларды талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим «Кыргыз Республикасы…

Кененирээк

Нөшөрлөгөн жамгыр жаап, сел жүрүшү күтүлөт

ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык үстүбүздөгү жылдын 16-18-май күндөрү күтүлүп жаткан туруксуз аба-ырайына, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. ӨКМ селдин, суу каптоонун алдын алуу үчүн арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү ар…

Кененирээк

Ошто көрүүсү начар балдар окуу куралдары менен камсыздалды

Ош шаарында көзү азиз жана көрүүсү начар балдар жаңы китептер жана окуу куралдары менен камсыздалды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, окуу куралдары Ош шаарындагы «Русская лампада» кайрымдуулук фонду жана «Орус үйү» коомдук фонду тарабынан берилди. Иш-чарага Ош шаардык мэриясынын, Орусиянын Башкы консулдугунун жана «Орус үйүнүн» өкүлдөрү катышты. Билим берүү мекемеси физика, биология, химия, география…

Кененирээк