Салык төлөөчүлөр QR-коду менен бирдиктүү терезенин ишин баалай алышат
Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшыртуу максатында салык органдарында бирдиктүү терезелердин ишинин сапатын баалоо боюнча онлайн сервисти ишке киргизүүдө. Мекемеден маалымдашкандай, эми салык төлөөчүлөр кызматтардын сапаты боюнча жергиликтүү салык органдарына жайгаштырылган QR-кодду сканерлөө менен өз пикирлерин калтыра алышат. Сын-пикир жөнөтүү үчүн уюлдук телефондун камерасын QR-кодго багыттап, 5 баллдык көрсөткүч боюнча баалоо керек. Ошондой…

