Ош шаарында акысыз спорт мектеби ачылды

Ош шаарында биринчи жолу муниципалдык күрөш залы ачылды. Курулуш иштери өткөн жылы башталып, аны шаар мэри Бакытбек Жетигеновтун демилгеси менен ишке ашкан. Акыркы үлгүдөгү машыгуу залынын ачылуу аземине министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров келип таанышты. Спорт залды курууга республикалык буюджеттен 33миллион сом бөлүнгөн. Анда аялдар үчүн жана уул балдар үчүн өзүнчө бөлмөлөр, атайын бассейн курулган….

Кененирээк

Баткен жана Фергана облустарынын жетекчилери жолукту

Баткен жана Фергана облусунун жетекчилери жолукту. КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун акими Хайрулло Бозаров Шахимардан аймагында жолукту. Жолугушууга Баткен жана Фергана облусунун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, чектеш район-шаар башчылары да катышты. Облус башчылары Абдикарим Алимбаев менен Хайрулло Бозаров Баткен жана Фергана облустарынын соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты….

Кененирээк

Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу уланууда

Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу уланууда. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, эки көпүрөнүн курулушу аяктоо алдында турат. Алардын бири Жазы дарыясында, экинчиси Кара-Дарыяда жайгашкан. Жалпысынан жолдун бардык тилкелеринде 300 адам иштеп жатат. Ошондой эле 92 атайын техника тартылган.

Кененирээк