Борбор Азияда алгачкы жолу зомбулука кабылган кыз келиндерди калкалоочу борбор ачылды
Бишкек шаарында Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин алдында зомбулукка кабылган кыз-келиндерге сапаттуу жардам көрсөтүү максатында бирдиктүү терезе принцибиндеги борбор ачылды. Бул жерде оор кырдаалга туш болгон аялдар укуктук, медициналык, психологиялык жардам ала алышат. Зарыл болсо соттук-медициналык кароодон өткөрүлөт.«Зомбулуктан жабыркагандарды колдоонун бирдиктүү терезеси» деген аталышта Борбор Азияда алгачкы ачылган мекемеде аялдарга көрсөтүлчү жардамдар бир жерге…

