Кыргызстанда тамчылатып сугаруу жабдыктарын чыгарган завод курулат
Бүгүн Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Түркиянын Akplas компаниясынын жетекчиси Хусеин Акин баштаган делегацияны кабыл алды. Жолугушууда Akplas компаниясынын өкүлдөрү компаниянын потенциалы тууралуу маалымат берип, тармактагы 35 жылдык тажрыйбалары тууралуу айтып беришти. Акылбек Жапаров өз кезегинде, өлкөгө инвестиция салууга кызыкдар ишкерлерге мамлекет ар дайым колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтып, бардык маселелер кыска убакыттын ичинде…

