Кыргызстан менен Өзбекстан бирге чогулткан авто завод 28-майда ишке кирет
Кыргызстан менен Өзбекстан авто унааларды бирге чогулткан завод ачат. Завод тесттик режимде 28-майда ишке кирет. Бул тууралуу Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев билдирди. Ишкана Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан. Заводдо Chevrolet, Daewoo жана Isuzu автомобилдерин чогултуу пландалган. 2023-жылы март айында «Узавтосаноат» менен Кыргызстандын «ДТ техника» жана «НУР» компаниялары ортосунда жеңил авто унааларды чогултуу боюнча…

