Илим Карыпбеков дүйнөнүн эң бийик чокусун багындырды
Илим Карыпбеков дүйнөдөгү эң бийик чоку Эверестти багындырды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кабарлады. “Бул менин жашоомдун эң чоң максат-кыялдарымдын бири эле эмес, өтө чоң жоопкерчилик эле. Чокуга жетпей кырсыктап калсам, балдарым, жакындарымдын алдында жоопкерчилик. Желекти чыгарам деп убада берип коюп, чыгара албай калсам эл алдында, демөөрчүлөр алдында, президент алдында жоопкерчилик.Жоопкерчиликтүү даярданып, бирок…

