Токтогул шаарынын борбордук стадиону 100 млн сомго оңдолот

Токтогул шаарынын борбордук стадиону 100 миллион сомго толугу менен оңдолот. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой биримдиктин президенти Камчыбек Ташиев Токтогул шаарына барып, борбордук стадиондун абалы менен таанышкан. Камчыбек Ташиев аянтты августтун ачягына чейин бүткөрүү тапшырмасын берди.

Кененирээк

Койдун эти Иранга экспорттоло баштады

Кыргызстан Иранга койдун этин экспорттой баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 18-майда 10 тоннага чукул тоңдурулган койдун этинин биринчи партиясы Иранга жөнөтүлгөн. «Бардык продукцияга ветеринардык-санитардык көзөмөлдөө иш-чаралары, ошондой эле сапат жана коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча лабораториялык көзөмөл жүргүзүлдү», — деп жазылган маалыматта. Аптасына 12 тоннадан 24…

Кененирээк

Кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөр камсыздандырылабы?

Кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү милдеттүү камсыздандыруу системасын киргизүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы коомдук талкууга чыгарды. Анда жарандарды милдеттүү камсыздандыруу полистерин сатып алууга түрткү берүүчү кыйыр механизмдерди колдонуу зарылдыгы белгиленген. Тактап айтканда, кыймылсыз мүлктү каттоо, күрөөгө коюу үчүн камсыздандыруу полисин талап кылуу каралууда. Өлкөдө 7 миллион 600 миңден ашык…

Кененирээк