Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-октябрда, Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясына (ТүркПА) мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин спикерлерин кабыл алды.
Жолугушуу Бишкек шаарында өтүп жаткан ТүркПА Кеңешинин 15-пленардык жыйынынын алкагында өттү.
Мамлекет башчысы бул жолугушуу боордош мамлекеттердин ортосундагы достуктун жана өз ара ишенимдин айкын далили экенин айтып, Кыргызстан ТүркПАнын алкагындагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырастады.
Ал Ассамблеянын ишмердүүлүгү боордош мамлекеттердин ортосундагы байланыштарды чыңдоого жана соода-экономикалык, транспорттук, энергетикалык, санариптик жана гуманитардык тармактардагы кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталганын белгиледи.
Өз кезегинде парламенттердин спикерлери Президент Садыр Жапаровго жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, түрк дүйнөсүнүн биримдигин чыңдоодогу Кыргызстандын маанилүү ролуна токтолушту.






