Шавкат Мирзиёевке «Өзбекстан–2030» стратегиясынын алкагында 2026-жылга карата артыкчылыктуу реформалардын долбоорлору жана мамлекеттик программа сунушталды. Бул тууралуу «Politik Центральная Азия» телеграм-каналы жазды.
Мамлекет башчысы аялдарга жана балдарга карата зомбулук үчүн жазаны катаалдаштырууну, ошондой эле педофилия үчүн өмүр бою эркинен ажыратуу жазасын киргизүүнү колдоду.
2025-жылдын октябрь айында Дилноза Азизова — Өзбекстандын төмөнкү палатасы болгон Олий Мажлистин депутаты — балдарга карата сексуалдык зомбулуктун бардык түрлөрү үчүн өмүр бою эркинен ажыратуу жазасын киргизүүнү сунуштаган.
Мындай демилгеге Наманган облусундагы окуя себеп болгон. Анда 38 жаштагы жаран жети жаштагы тууган кызына карата оор кылмыш жасаганы кабарланган.

